Токмок: Кармалган адам сабалган делинген видеону милиция бербей жатат


Токмок шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү убактылуу кармоочу жайында видео байкоого тартылып алынган милиция кызматкери тарабынан шаар тургуну сабалган делинген видеону бербей жатышат, деди. Убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси тартылган видеолор үч гана күн сактала тургандыгын айтты.

Токмокто шаар тургунун сабаган деп шектелип жаткан милиция кызматкеринин үстүнөн сот процесси уланып жатат.

16-июлдагы шаардык соттун жыйынында Токмок прокуратурасынын тергөөчүсү Намазбек Эрмеков убактылуу кармоочу жайдын видео байкоосуна тартылып алынган видеону ага бербегендиктерин айтты. Анда 2011-жылдын июнь айында болжолдуу түрдө токмок шаарынын тургуну Алексей Налеткин сабалган.

Тергөөчүнүн айтымында, убактылуу кармоочу жайдын нөөмөт бөлүмү «аппаратура эски болгондуктан» видеону ала албай калдык деп, аны берүүдөн баш тартышкан.

Тергөөчү убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине өтүнүч кат жибергенде, бир эле пленкага кайталанып жазылгандыктан видео үч гана күн сакталат, ошондуктан өчүп калган, азыр жок, деп жооп беришкен.

Налеткин 2011-жылдын июнь айында жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери аны мас абалында унаа башкарып бара жаткандыгы үчүн кармашып, пара катарында 100 АКШ долларын (4700 сомдон ашык) берүүдөн баш тарткандыгы үчүн сабагандыктарын айтты.

Налеткиндин жактоочусу Алмагүл Турдуманбетова да аталган видеону алууга аракет кылгандыгын жана ага убактылуу кармоочу жайдан тергөөчүнүн токтому менен гана беребиз, деп айтышканын билдирди.

Ал убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлерине шилтеме жасап, видео байкоодогу жазылган көрүнүштөр бир айга чейин сактала тургандыгын айтты.

Убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси Фагани Сейфулаев болсо видеокамералар көрүнүштөрдү үч күн сактай тургандыгын жана эгер алар кимдир бирөөнө керек болсо берүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал сотто тартылып алынган видеолор милиция жана прокуратура кызматкерлерине көп эле жолу берилип келгендигин айтты.

Өз кезегинде прокуратуранын тергөөчүсү Эрмеков кылмыш иштеринин бири боюнча дагы видеолорду ала албай келгендигин билдирди.

Пара берүүдөн баш тарткандыгы үчүн сабашкан

2011-жылдын 11-июнунда жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкери Алексей Налеткин унаасын «үйүнөн унаа токтотчу жайга» айдап баратканда токтотушкан. Налеткин ага чейин сыра ичкендигин жана бир мас абалында болгондугун моюнуна алган.

Налеткиндин жоромолу боюнча, милиция кызматкерлери аны дароо эле кое берүү үчүн 100 АКШ долларын талап кылышкан.

Акчаны берүүдөн баш тарткан соң алар алгач өздөрүнүн унаасынан, андан кийин убактылуу кармоочу жайда да акча талап кылып сабашты, дейт Налеткин.

Ал убактылуучу кармоочу жайда эки күн жатып, туугандарынын киришүүсү менен гана кое берилген. Алар тарабынан чакырылган соттук-медициналык экспертизанын кызматкери сабагандан калган тактарды жана баш мээсинин чайкалгандыгын ырастаган.

Өз кезегинде жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери мас абалында токтоткондо Налеткин алардан акча талап кылып, «эртең жок болосуңар» деп коркуткандыгын айтышты.

2011-жылы жайында Налеткинге карата административдик иш козголгон – ал кармалган күндөгү окуяларга байланыштуу да.

Анда Налёткин мас абалында унаа башкарганга күнөөлүү деп табылып, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган. Бирок кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө күнөөсүз деп табылган.

Бир жылдан кийин гана Налеткиндин сабалгандыгынын мүмкүндүгү фактысы боюнча иш башталган. Ал боюнча соттун өкүмү 18-июлда чыгаралашы керек.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков