Баткен облусундагы жалгыз радио төрт айлык тыныгуудан кийин август айында ишин баштайт

«Салам» радиосу төрт айлык тыныгуудан кийин августта берүүлөрүн калыбына келтирүүнү убадалады — Баткен облусундагы жалгыз радионун жабдуулары апрелде электр энергиясынын үзгүлтүккө учуроосунун айынан күйүп кеткен. 

«Саламдын» директорунун орун басары Султан Артыков жетекчилик жаңы жабдууларды сатып алуу үчүн каражат тапкандыктан радио өз берүүлөрүн августтан баштап калыбына келтире тургандыгын айтты — донор катары «Сорос» фондусу чыккан.

Радио электр энергиясынын үзгүлтүккө учуроосунун айынан күйүп кеткен радоиреле аппаратурасын алмаштырды.

Эски жабдуу өзүнүн эксплуатациялык мөөнөтүн жашап бүткөн, деди Артыков.

Маалыматтарды берүү үчүн кызмат кылган радиореле аппаратурасы Молдовадан алынып келинет, анын болжолдуу баасы — төрт миң АКШ доллары.

Медиа-серепчи Шамарал Майчиев борборук ММКлар аймактарда болуп жаткан окуяларга аз көңүл бурушат, ошондуктан Баткен облусунда жергиликтүү радионун болушу зарыл деп эсептейт.

«Аймактар биздин массалык маалымат каражаттарында аз аймактык ресурс катары мүнөздөлөт [...]. Анда болуп жаткан окуялар борбордук маалымат каражаттарында аз чагылдырылат», — дейт Майчиев.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган баткендиктер «Салам» радиосунун кайра иштеп башташына жактырган бааларын беришти .

Баткен облусундагы жалгыз радио болгон «Салам» – электр энергиясынын чыңалышынын айынан берүүлөргө түздөн-түз жооп бере турган жабдуунун күйүп кетүүсүнөн кийин өз ишин токтоткон.

Анда «Салам» радиосунун негиздөөчүсү жана мурунку директору Максуда Айтиева станция биринчи жолу ушундай көп мөөнөткө ишин токтотуп жаткандыгын айткан.

«Буга чейин бизде студиялык бузулуулар болгон, бирок берүүлөргө байланыштуу… Мындай техника бузула элек болчу, — деп түшүндүрдү Айтиева.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков