Бекназаров Садыркуловдун өлүмүнө үч күн калганда аны менен болгон жолугушуусу тууралуу айтты

 

Аскердик соттун жыйынында экс-башкы прокурор жана парламенттин мурунку депутаты Азимбек Бекназаров Медет Садыркулов менен өлөөрүнө үч күн калганда жолукканын жана анда мурунку президенттин администрация жетекчиси президент Бакиевди бийликтен кетирүү тууралуу пландары менен бөлүшкөндүгү жөнүндө айтып берди.

Бекназаров Садыркуловдун президенттин администрация жетекчиси кызматынан кеткенине эки ай болгондо – 2009-жылдын 10-мартында жолукканын айтты

Анда Садыркулов ошол кезде оппозициянын лидерлеринин бири болуп жүргөн Бекназаровго Бакиевди кызматтан кетирүү ниети бар экендигин билдирген. Садыркулов президенттин администрациянын жетекчиси кызматын ээлеп турган акыркы жылдары анын Бакиевдин үй-бүлөсү менен болгон мамилеси бир топ эле начарлап кеткен.

«Ал: “Күрөшүш керек, мен силер мененмин” деп айкан, тактап айтканда ал оппозиция мененмин деген», – деди Бекназаров 19-июлдагы Аскердик соттун жыйынында.

Садыркулов Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн Казакстанга акча алып келүүгө баруу планы бар экендигин билдирген.

«Ал материалдык жактан жардам бере тургандыгын айткан. Ал жерде [Алматыда] адамдар бар — акча таап беришет. Ал манжалары менен көрсөтүп: Бакиевдин режимин кулатууга жетеби, деп сураган» – деди Бекназаров соттун жыйынында.

Бул үчүн Садыркулов революциядан кийин президент кылууга жардам берүүнү сураган.

Үч күндөн кийин — 2009-жылдын 13-мартында — Садыркулов Алматыдан келээри менен каза болгон.

Кийинчерээк, 2010-жылы Бакиевдин режими кулагандан кийин Бекназаров убактылуу өкмөттүн лидерлеринин бири болду, бирок 2011-жылы чоң саясаттан четтеген.

Жаныштын буйругу менен өлтүрүлгөнбү?

Алгач Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынан айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы кагышканда каза болгон, деп билдиришкен.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүн жараткан саясатчыны өлтүрүштү деген жоромолду айтып чыгышкан.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген жоромолду билдиришкен.

Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, ага күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Көк-Жар жаңы конушунун четинде өлтүрүлгөн.

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган – бүгүн бешинчи жыйыны болду.

Мындан мурунку жыйында соттук-экспертиза борборунун кызматкери бийлик кантип Садыркуловдун күйгөн денеси табылган «Лексус» унаасынан экспертизадан өткөрүү үчүн металлды алууга уруксат бербей койгондугун айтып берген.

Металлды экспертизадан өткөрүү - унаа кандай жол менен күйгөндүгүн – атайын эле өрттөлгөнбү же унаа менен сүзүшкөндө өрттөнүп кеткенби, так аныктоого мүмкүндүк бермек.

Садыркуловдун Бакиевди бийликтен кетирүү боюнча пландары алгач 2011-жылдын сентябрында «Викиликс» сайты тарабынан бысылып чыккан АКШ элчилигинин сыр катында жазылган -Садыркулов өлөөрүнө бир аз калганда революция боюнча пландары тууралуу АКШ элчилигине билдирген.

Автор: Александра Ли

Редакторлор: Бектур Искендер жана Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков