«Камактагылардын өмүрүнө коркунуч келип жаткандыктан» укук коргоочулар Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайды оңдоп жатышат

Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайдын желдетүүчү системасы жараксыз абалга келген, камералардагы температура 30 градустан ашат – укук коргоочулардын маалыматтары боюнча бул «камактагылардын өмүрүнө коркунуч келтирет. «Справедливость» уюму өз каражатына оңдоо иштерин баштады.

«Справедливость» уюму «Курманбек» шаардык милиция бөлүмүнүн алдындагы Жалал-Абад убактылуу кармоочу жайынын желдетүүчү системасын анын кызматкерлеринин өтүнүнчү менен оңдоп баштагандыгын укук коргоочу «Голос свободы» уюму билдирди.

«Справедливость» уюмунун долбоорлорунун координатору Абдумалик Шариповдун айтымында, имараттын учурдагы абалы камактагылар менен анда иштеген кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч келтирет.

«Жайында өлкөнүн түштүгүндө ысык кескин жогорку деңгээлге көтөрүлөт, элестетип көргүлө адамдар убактылуу кармоочу жайдын бетондолгон жертөлөө бөлүгүндө кандай температурада болорун. Камактагылар кармалган жана күзөтчүлөр иштеген жерде өтө эле үп, желдетилбеген, бузулган аба турат. Бул ден соолукка зыян келтирет, ал эмес алардын өмүрүнө коркунуч жаратат», — деген Шарипов «Голос свободы» уюмуна берген маегинде.

«Справедливость» убактылуу кармоочу жайдын башка көйгөйлөрүн да белгилейт — канализациялардагы суунун ташып кетиши, кышкы чайынмалардын жоктугу, «начар» жарыктандыруу, кышында «жеткиликсиз» жылуулуктун берилиши.

«Биз бул көйгөйлөрдүн бардыгын чече албайбыз, биздин буга каражатыбыз жок. Өтө шашылыш учурларда гана жардам бере алабыз. Мен бул маселелердин бардыгын мамлекет чечиш керек деп эсептейм, бул алардын түздөн-түз аткара турган милдеттери», — дейт Шарипов «Голос свободы» уюмуна берген маегинде.

Камералардагы температура 30 градустан ашат — бул турак-жай мекемелери үчүн «туура келбеген» көрсөткүч, деп жазат «Голос свободы» шаардык санитардык эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун экспертизасына шилтеме жасап.

Адистер Кыргызстандын убактылуу кармоочу жайларындагы абанын температуралары үчүн нормалар жок экендигин айтышты.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгындагы коомдук бөлүмдүн жетекчиси Ибрагим Шатманалиев мамлекеттин бюджетиндеги абал оор болгондуктан милиция укук коргоочуларга кайрылган, деп түшүндүрдү.

Укук коргоочулар бузулган желдетүүчү кыймылдаткычтардын бирин оңдоого инженерлерди жалдашты. Ал кыймылдаткычтын бузулуусу камералардагы абанын температурасынын жогорулоосуна алып келген.

«Справедливость» уюму 22-июлда бүтө турган бул оңдоо иштерине 17 миң сом бөлгөн.

Материал «Голос свободы» уюмунда иштеп жаткан «Клооптун» журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү Евгений Погребняктын макаласына негизделди.

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Евгений Погребняк
chicago resume writing service reviews