КТРК кыргызстандыктардын Лондон Олимпиадасындагы мелдештерин түз алып көрсөтөт

Коомдук телерадиокорпорациясы Лондондогу Олимпиада оюндарын көрсөтүү укугун сатып алды — ошондой эле кыргызстандыктардын катышуусун түз эфирде көрсөтөт. Көрсөтүүнү сатып алууга корпорация 5 миллион сом төлөдү. 

Өлкөдө кыргызстандык спортчулардын Олимпиада оюндарындагы катышууларын КТРКга тиешелүү болгон Коомдук биринчи канал гана көрсөтөт.

Андан сырткары эфирде Кыргызстанга тиешеси жок, бирок көрүнүктүү спорттук мелдештер да көрсөтүлөт.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдин айтымында, көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү эфирдин 195 саатын түзөт.

«Көрсөтүүлөр мелдештердин убактысына карабастан бардыгы түз эфирде алынып берилет», — деди Оторбаев «Клоопко» берген маегинде.

Ал кошумчалагандай, телеканал кыргызстандык спортчулардын катышуусундагы кээ бир мелдештерди кайталап берүүнү пландап жатат.

Оторбаев КТРК көрсөтүү укугуна ээ болуу үчүн 5 миллион сом төлөгөндүгүн айтты.

Өздүк комментарийлер

Келишим Олимпиадалык көрсөтүү кызматынан укук алган Европалык көрсөтүү союзу (EBU) менен түзүлгөн.

Оюндарды Коомдук биринчи каналдын журналисттери комментарийлейт. Кыргыз тилинде — Кубан Атабеков, орус тилинде — болжол менен Канай Аламанов.

Бул КТРК түз алып көрсөткөн дүйнөлүк масштабдагы алгачкы спорттук мелдеш эмес — 2012-жылы Коомдук биринчи канал футбол боюнча Европа чемпионатынын бардык оюндарын көрсөткөн.

Анда телеканалдын журналисттери эфир учурундагы кетирген каталары үчүн көрүүчүлөрдүн сынына кабылган.

Лондондогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан 14 спортчу спорттун сегиз түрү боюнча катышат.

Олимпиада оюндарында алгачкылардан болуп 28-июлда сууда сүзүүчү Дмитрий Александров менен Дарья Талановалар мелдешке катышышат .

Авторлор: Гүлжан Турдубаева жана Каныкей Марс кызы

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору:  Andy Wilkes