Ош: "Амир-Темур" кичи районунда 4000 ге жакын бөбөк бала бакчага муктаж

"Амир-Темур" кичи районунун жашоочулары мурунку бала бакчанын имаратынын жарымы мектепке берилгендиги үчүн жашоочулар бала бакчага зарыл экендигин билдирүшүүдө. Азыркы имаратка 90 бала батат. Шаардык мэрия жылдын аягына жаңы бала бакча курулуп бүтөрүүнө убада берет.

Бул кичи район шаардан 15 чакырым алыстыкта жайгашып, 35 миңден ашуун калк жашайт.

Райондогу жалгыз бала бакча 1998-жылы мектепке окуучулар батпай калгандыгынан улам, имараттын жарымы мектептин курамына өткөзүлүп берилген.

"Амир-Темур" аймактык кеңешинин төрагасы Салижан Кудайбердиевдин айтуусунда, кичи райондо 4000 миңге жакын бөбөк бар. Учурда азыркы бала бакчада 90 бала тарбияланууда.

"Мурун бакча курулган эле анан ал азыр мектеп болуп калган, балдар окуйт. Бир кичине классты калтырып мектепке бөлүп койгонбуз […].,-деди Кудайбердиев.

Ошондой эле ал мэрияда бала-бакча кураарын планда бар экенин, бирок курулуш иштери качан башталары жөнүндө так маалыматы жок экендигин кошумчалады.

Ушул райондун жашоочусу Ганыжан Бакиров, эки бала бакча болсо да жетпейт дейт.

"Бир балдар бакчасы бар эле, ал да жоголуп кетти. (мектепке кошулусу жөнүндө айтып жатат) 40 000 үйгө жетпейт да экөө болсо да такыр детсад жок, бир жакка барайын десе балдарын кай жакка коюшун билишпейт. Шаар узак",- деди Бакиров.

Жергиликтүү жашоочу Нурлан Мавлюновдун айтуусунда, бала бакча балдардын тарбиялоосуна жакшы болмок.

"Балдар жакшы тарбия алса, келечекте элге-журтка жакшы бала чыгыш үчүн бала-бакча керек. Бакча курулса аябай жакшы болмок",- деп айтты Мавлюнов.

Мэриянын маалыматында, бала-бакчанын курулушу жылдын аягына чейин бүтүрүлүшү керек.

Шаардык кеңешинин вице-спикери Аманнула Иминовдун айтуусунда, курулуш иштери башталбаганына жер тилке маселеси чечилбегени себепкер болду.

"Жер тилкелери бош болсо, жергиликтүү эл өз алдынча аларды менчиктеше башташты. Ошол жерлерге теректерди отургузуп, жерлерди өз атына өткөрө башташты, буларга эч кандай укугу жок болуп туруп",-деди Иминов.

Бирок азыр бул маселе чечилип "жакын арада" курулуш иштери башталганын айтты.

Эгер мэрия пландаган бала-бакча курулуп калса 500-600 баланы тейлемек. Анын куруусуна жалпы 45 миллион сом каралды, азырынча 9 миллион сом бөлүндү.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында Ош шаары боюнча 30 бала бакча бар. Ушул кезде Ош шаарында бакча тарбиясына муктаж балдардын саны 20 миңден ашык.

Автор: Кадича Рыскулова