Ош облусу: Араванда наабайчыларга салыктын жогорулашынан улам нан сатыкка чыкпай калды

Араван районундагы наабайчылар киреше салыгы 4 миң сомго көтөрүлгөндүгүнөн, нааразы болуп бүгүн нан жаппай коюшту. Райондук салык инспекциясынын билдирүүсүндө, нан жапкандар салыкты убагында төлөбөгөндүктөн, алардан патент түрүндө салык төлөөсүн талап кылышууда.

Эрте менен нан жабып сатуучулар иш ордуна чыгышпай, салыкты төмөндөтүп берүүсүн талап кылышты. Буга чейин салык 850 сомду түзгөн.

Араван районунун салык инспекциясынын жетекчиси Оморбек Төрөбаевдин айтуусунда, наабайчылардын 4 миң сомдон салык төлөшү керектиги жөнүндө токтом чыккан.

"Биз мыйзам чегинде патентке өткөздүк буларды. Бизге обладминистрациядан кат келген ошонун негизинде комиссия түзүп текшерүү жүргүздүк , дагы эле ошол эле ставка чыкты да [...]. Күнүмдүк пайдасын эсептегенде да 4 миң сом патенттин акчасы чыгат",-деп түшүндүрдү Төрөбаев.

Бул убакка чейин жеке ишкерлер учеттук китепченин негизинде иштеп жүрүшкөн. Төрөбаев алардын "экономикалык билиминин жоктугунан улам, аргасыздан патенттик негизге өткөзгөнүн" кошумчалады.

Атын айткысы келбеген наабайчы киреше салыгы көтөрүлгөнүн, нанга колдоно турган чыгымдарды актабаганын айтты.

"Ун 1200 сом болуп кетти, налог 850 эле азыр 4 миң болуп калды. Нанды кымбататтайлы десек калк көтөрбөйт. Эми биздин талабыбыз нанды кымбаттатсын же налогду азайтсын. Болбосо иштебейбиз",-деп нараазы болду ал.

Дагы бир өзүн тааныштыргысы келбеген нан сатуучусу нан жабуучулардын тыйусуу менен ишке чыккан эмес.

"Эми мен жумушчумун кожоюндар жаптырган жок. Мага баары бир мага демек жүз миң кылып албайбы [салыкты]",-деди нан сатуучу.

Ал эми райондо нандын жетишпегендигинен улам кафе, чайканаларда нан жоктугунан кардарлар аз болгондугунан тамак-аштар да аз жасалганын кафе башчысы маалымдады.

"Нан жоктугунан клиент такыр жок, азайышып калды. Оокаттарды да азайттырдык",-деп билдирди өзүн тааныштыргысы келбеген кафенин жетекчиси.

Башка чөйрөдөгү сатуучу Ош шаарынан нан алып келип ошол эле баада сатууда. Чоң нандар 20 сомдон, кичинелери 10 сомдон.

Ал эми сатуучу Салимдин өзүнүн үйүндөгү маарекесинен ашып калган 20 чактай нанды алып чыгып сатты.

Авторлор: Кадича Рыскулова жана Камал кызы Ширин