Токмок: «кыйноого алган» деп күнөөлөнүп жаткан милиция кызматкерлери акталды

Токмок шаардык соту убатылуу кармоочу жайда «кыйноого алган» деп Алексей Налеткин аттуу жаран тарабынан күнөөлөнгөн эки милиция кызматкерин күнөөсү жок деп тапты чечимге ылайык, күнөө коюп жаткан тарап алардын күнөөлөрүн далилдей «алган» эмес. Налеткиндин жактоочусу бул чечим боюнча соттун жогорку баскычына даттанат. 

Токмок шаардык сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкерин актады – анткени күнөөлөп жаткан тарап алардын 2011-жылдын июнь айында Налеткинди убактылуу кармоочу жайында «кыйноого алган» деген «күнөөлөрүн далилдей алышкан эмес».

Прокурор милиция кызматкерлерин беш жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону талап кылган.

Налеткиндин жактоочусу Алмагүл Турдуманбетова бул чечимге макул эмес — ал чечим боюнча Чүй облустук сотуна даттануу ниетинде.

Милиция кызматкерлери болсо маалымат каражаттары менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

«Кыйноолор»

2011-жылдын 11-июнунда жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкери Алексей Налеткин унаасын «үйүнөн унаа токтотчу жайга» айдап баратканда токтотушкан.

Ал ага чейин сыра ичкендигин жана мас абалында унаа башкарууга отургандыгын моюнуна алган.

Налеткин милиция кызматкерлери аны дароо эле кое берүү үчүн 100 АКШ долларын талап кылышкандыгын айткан.

Анын айтымында, ал акчаны берүүдөн баш тарткан соң алар алгач өздөрүнүн унаасынан, андан кийин убактылуу кармоочу жайда да акча талап кылып сабашкан.

Күнөөлөп жаткан тараптын маалыматы боюнча, Налеткин убактылуу кармоочу жайда эки күн жаткандан кийин соттук-медициналык экспертиза анын денесиндеги кыйноодон кийинки тактардын болгондугун ырастаган.

2011-жылдын жайында Налёткин мас абалында унаа башкарганга күнөөлүү деп табылып, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллэй июль айынын башындагы Кыргызстанга болгон сапары учурунда өлкөнүн укук коргоо органдары кыйноолорго барып жаткандыгы тууралуу маалыматтар дагы деле келип жаткандыгын айткан.

Кыргызстандын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Пиллэйге чын эле анын мекемесине жарандардын болгон ишениминин жоголгондугун айткан.

Авторлор: Александра Ли жана Шахида Дүйшеева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков