Айдоочулардын кыймылдуу мүлккө болгон төлөмдөрү жылдын аягына чейин текшерилет

Салык кызматы милиция кызматкерлерине айдоочулардан унаага болгон техникалык паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн суроодон сырткары, алардан кыймылдуу мүлккө болгон төлөмдөр тууралуу квитанциясын талап кылуу укугун берди. Эми август айынан баштап эң аз дегенде 2012-жылдын аягына чейин төлөмдөр тууралуу таллондор үзгүлтүксүз текшерилип турат.

Буга чейин кыймылдуу мүлккө болгон төлөмдөрдү Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери гана текшере алышчу.

Ал эми жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочудан айдоочулук күбөлүгү менен унаага болгон техникалык паспортун гана талап кыла алышкан. Бирок алар август айынан баштап токтотулган айдоочулардан салык төлөмдөрү тууралуу квитанциясын да талап кыла алышат, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Квитанциясы жок айдоочуларга карата колдонууга бир нече чаралар каралган, алардын ичинде айдоочунун күбөлүгүнөн ажыратуу да бар.

Кыймылдуу мүлккө болгон салыкты унаасы жана ичинен күймө кыймылдаткыч каражаттары бар жарандардын бардыгы төлөйт.

Салыктын көлөмү унаанын кайсы жылы чыккандыгына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша ар түрдүү болот.

Унаа каражаттары бар бардык жарандар салыкты 1-августка чейин төлөөлөрү керек. Белгиленген мөөнөткө чейин төлөнбөсө физикалык тараптар үчүн 2000 миң сом, юридикалык тараптар үчүн 500 сом айып каралган.

ЖККББнын басма сөз кызматы бул билдирүүнү ырастап, алардын кызматкерлери айдоочулардан салык төлөмдөрү тууралуу квитанцияларды талап кылууга «милдеттүү» болорун билдиришти.

Айдоочулардын пикирлери

Айдоочу Адилет Жолдошев ЖККББнын кызматкерлеринин кыймылдуу мүлккө болгон салыктардын төлөмдөрү тууралуу квитанцияларды талап кылууга укуктары жок деп эсептейт. Муну менен салык кызматынын кызматкерлери алектениш керек, дейт ал.

Дагы бир айдоочу Сабыр Маметов аталган төлөмдөрдүн квитанциясын МАИ кызматкерлери менен Салык кызматынын кызматкерлери биргеликте текшерүүлөрү керектигин айтты.

«Алардын [МАИ кызматкеринин] унаанын техникалык абалын жана жол кыймылынын коопсуздугуна тиешелүү болгон нерселерди гана текшерүүгө укуктары бар», — деп эсептейт Маметов.

Ал эми айдоочу Владимир Николенко тескерисинче, бул иш менен ЖККББнын кызматкерлери алектене тургандыктарына ыраазы экендигин айтты.

«Унааларды уурдоо азаят, эрежелер аз бузулат. Адамдар салык төлөөдөн кача алышпайт», — дейт Николенко.

Өз аты-жөнүн атагысы келбеген дагы бир айдоочу өкмөт бардык салыктарды жокко чыгарыш керек дейт.

«Эми эмне, ар бир жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкери токтотуп, квитанция сурайбы? Анда салыкчыларды кубалап салыш керек, МАИ кызматкерлери гана текшерсин», — дейт ал.

«Супер» такси кызматынын менеджери Владимир Краснов өлкөнүн бардык унааларын текшерүүгө Салык кызматынын кызматкерлери жетишпейт деп эсептейт. МАИ кызматкерлери менен бирге рейддерди жүргүзүү демилгеси ушуну менен түшүндүрүлөт.

«МАИ кызматкерлери […] каалаган убакта, каалаган унааны токтотуп текшере алышат», — деп белгиледи Краснов.

Анын пикиринде, айыптын өлчөмү «өтө көп» жана салыктын көлөмүнөн да ашып кеткен.

«Мен азыр унаа үчүн 900 сом төлөдүм, а эгер айып салса 900 сом менен бирге дагы 2000 сом төлөөгө туура келет», — деп түшүндүрдү Краснов.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков