Бабанов «көп сандаган кемчиликтери» үчүн Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилигинин бардыгын кызматтан кетирди

Коопсуздук кеңеши тарабынан Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин иши текшерилген соң премьер-министр агенттиктин төрагасы Виталий Орозалиев менен анын эки орун басарын кызматтан кетирди.  Кыызматтан кеткендер бул чечимди «саясий» чечим деп аташты.

Орозалиев менен бирге анын эки орун басары Дамир Сагынбаев жана Данияр Оторбаевдер да кызматтарынан четтетилди.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаровдун айтымында, бул чечим Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин ишиндеги «көптөгөн кемчиликтерди» аныктаган Коопсуздук кеңешинин комиссиясынын сунушу менен кабыл алынган.

Оторбаев бул чечим тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты, ал эми Орозалиев жеткиликсиз болуп чыкты.

Дамир Сагынбаев өзүнүн кызматтан четтетилишин «саясий чечим» деп атады.

«Мен өзүмдүн милдеттеримди болгон аракетимди жумшап, кылдат аткарып келгем жана кызматка кайра кайтып келүүмдү мүмкүн деп эсептейм», — деди Сагынбаев «Клоопко» берген маегинде..

«Азаттык» радиосу Коопсуздук кеңешине шилтеме жасап, комиссия агенттиктин 2011-жылдагы жана 2012-жылдын биринчи жарымындагы ишмердүүлүгүн текшергендигин билдирди.

Коопсуздук кеңеши Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигин текшерүү тууралуу толук маалымат таркаткан жок. Комиссиянын курамына ички иштер министрлигинин, УКМКнын, Мамлекеттик кадр кызматынын жана Эсептөө палатасынын кызматкерлери кирген.

Агенттиктин жетекчилиги текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын четке кагып, алар «такталбаган маалыматтарга» негизделген, деп билдирди.

Орозалиев Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилигине 2010-жылдын августунда дайындалган.

Аскар Акаевдин убагында ал президенттин администрациясынын Коргоонуу жана укук коргоо органдарынын иши бөлүмүндө иштеген. Андан соң ал Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын ээлеген.

Авторлор: Улугбек Акишев, Александра Ли жана Бегимай Бекболотова

Которгон: Илгиз Чалбараков