Биология боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучунун «коло» алуусуна алты балл жетпей калды

Караколдук Санжар Исакунов аттуу мектеп окуучусу биология боюнча эл аралык олимпиадада «коло» медалга бир аз гана жетпей калды. Исакуновдун айтымында, уюштуруучулар аны атайын байге менен сыйлашты. 

16 жаштагы Караколдук мектеп окуучусу Санжар Исакунов биология боюнча эл аралык олимпиадада эң жогорку делген 500 баллдын 296сын алды.

Исакуновдун айтымында, ал уюштуруучулар тарабынан «күмүш» медалга бир аз жетпей калган катышуучуларга бериле турган атайын байгени жеңип алды. Кыргызстандык окуучудан сырткары мындай байгеге ар кайсы өлкөлөрдөн келген дагы жыйырма мектеп окуучусу ээ болду.

Олимпиада эки бөлүктөн турат — теориялык жана практикалык. Практикалык бөлүктө окуучулар төрт лабортариядын өтүүлөрү керек болгон.

  • клеткалардын биологиясы (цитология);
  • биохимия жана экология;
  • өсүмдүктөрдүн биологиясы ботаника);
  • жаныбарлардын биологиясы (зоология).

«[...] ал жакта практика көбүрөөк бааланат. […] практикасы төмөн болгон өлкөлөрдү катышуу укугунан ажыратып койгон да учурлар болот», — деп кошумчалады ал.

Ал 2011-жылы практикалык бөлүмдөн төмөнкү баага ээ болуп, катышуу укугунан ажыраган Өзбекстанды мисал катары келтирди.

«Коло медаль алуу үчүн мага 6 балл жетпей калды. Эгер мен практиканы эки, үч баллга жакшыраак жазганымда дурус болмок», — дейт Исакунов.

Ал уюштуруучулар быйыл коло медалга болгон талаптарды жогорулатып салган деп эсептейт.

Ал эми окуучунун мугалими Айгүл Ахматова Сингапурда тапшырмалар жогорку окуу жайларынын деңгээлинде болду, деп эсептейт.

Олимпиадага жалпысынан 59 өлкөнүн мектеп окуучулары катышты.

2011-жылы Жалал-Абад шаарынын мектеп окуучусу Мырзабек Алибаев биология боюнча олимпиадада коло медалга ээ болгон.

Кыргызстандын тарыхында өлкө мындай олимпиадаларда бир гана жолу «алтын» медалды жеңип алган. 2001-жылы Чынгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучусу Нурмухаммед Усенканов биология боюнча олимпиадада биринчи орунга ээ болгон.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: quatar