Кыргызстан менен Өзбекстан чек арачылар ортосундагы атышууга бири-бирин күнөөлөп жатат

Кыргызстандын Чек ара аскерлери “17-июлда болгон чек арадагы атышууну кыргыз чек арачылары баштаган” деген Өзбекстандын билдирүүсүнө таң калып жатышат. Өзбек тараптын версиясы боюнча, кыргыз аскерлери «куралданган бандиттик кол салуу» жасашкан.

Өзбекстандын позициясы боюнча, Жалал-Абад облусундагы чек арадагы атышууну кыргыз чек арачылары баштаган.

Өзбек чек арачыларынын мындай версиясын өкмөттүк «12ньюс» маалымат агенттиги 19-июлда тараткан.

«Куралдуу бандиттик кол салуунун жыйынтыгында ок жеген Өзбек Республикасынын УККсынын катардагы аскери И.Ибрагимов каза болуп, сержант И.Эшназаров оор жараат алган», — деп жазат «12ньюс» өзбек чер арачыларынын басма сөз кызматынын билдирүүсүн кайталап.

Атышуунун жыйынтыгы боюнча, эң эле аз дегенде эки тараптан тең бирден адам каза болду.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдындагы Чек ара аскерлери Өзбекстандын позициясына таң калып, аны ортодогу макулдашылган келишимдерге каршы чыгат деп эсептей тургандыктарын билдиришти.

«Бул билдирүү Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусунда макулдашылган келишимдерге каршы келет», — деп жазылган Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Кыргыз тарап Ала-Бука районунун жашоочулары талаш жердеги унаа жолун оңдоп жатканда атышууну өзбек тарап баштаган деп айтып, далилдөөгө аракет кылып жатат.

«Кыргызстандын чек арачылары жооп катары ок чыгарууга мажбур болушкан», — деп билдирет Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

«12ньюста» жазылган Өзбекстандын версиясы боюнча, алар чек ара аркылуу кыргызстандык номуру менен бараткан эки унааны кое бербей койгондо, кыргыз чек арачылары атышууну биринчилерден болуп башташкан.

19-июль күнү кечинде кагылыштан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек арасын жаап салган деген билдирүү тараган. Бирок, Кыргызстандын чек ара кызматы унааларды чек ара аркылуу кое берип жаткандыктарын жана жолдорду оңдоо иштери улантылгандыгын билдирди.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбеков

Которгон: Илгиз Чалбараков