Сот Тыныбековага Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берди

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Айсулуу Тыныбекова Лондон Олимпиадасынан келгенге чейин анын ишин токтотту — спортчу кыз жашы жете элек кызды «сабаган» деп күнөөлөнүп жатат. Жабыр тарткан кыздан апасы соттун бул чечимине каршы экендигин билдирди.

Сотто Тыныбекованын жактоочусу Тимур Жалеев спортчуну Олимпиада оюндарына катыштыруу максатына жетти.

Ленин райондук сотунун судьясы Сания Бранчаева спортчуга карата чыгарылган - белгиленген аймактан чыкпоо чечимин жокко чыгарып, жактоочунун өтүнүч катын канааттандырды.

Тыныбекова Лондонго өзүнүн машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен Олимпиадалык даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбековдун кепилдиги менен бара алат.

Балбан кыз 15-августта боло турган кезектеги соттун жыйынына чейин Кыргызстанга кайтып келиши керек.

«Мен бардык милдеттенмелерди өз моюнума алам. Ошондой эле Олимпиада оюдарына катышып бүткөн соң Айсулуу Тыныбекова сөзсүз келет деп кепилдик берем», — деди машыктыруучусу.

Тыныбекованы «сабады» деп күнөөлөп жаткан 17 жаштагы кыздын апасы Нуриля Кочкорбаева спортчунун Олимпиада оюндарына баруусуна каршы.

Кочкорбаева бул чечимди жогорку баскычтагы сотто даттанганы жатат.

Ал кызын «сабагандыгы» үчүн компенсация катары доолап жаткан 514 миң сомдон баш тарты.

«Мени так Олимпиада оюндарынын алдында атайын акча талап кылып атат, деп айтып жаткандары — караандай калп. Ошондуктан менин бул жарандык доом менен манипуляция кылууну токтотуу үчүн, мен баш тарттым», — деп түшүндүрдү Кочкорбаева.

«Агрессивдүү реакция»

Тергөөнүн маалыматы боюнча 3-апрелде Тыныбекова күрөш боюнча улуттук курама команданын дагы бир мүчөсү Розалия Тилегенова менен бирге 17 жаштагы кызды Кыргыз улуттук филармониясынан алыс эмес жерден «сабап» салышкан.

Нурдин кызы курбулары менен филармониянын жанындагы жер төлөөдөн өтүп баратып Тыныбековадан «өтүп кетейинчи» деп сурангандыгын айткан.

«Мен өтүп кетсем болобу деп сурап колум менен акырын тийип алгам. Ал буга агрессивдүү реакция жасап, нааразы болуп кыйкыра баштады», – дейт Нурдин кызы.

Андан соң аны Тыныбекова колунан алып, жер төлөөдөн чыгарып Тилегенова экөө «сабап» салышкандыгын айтты.

«Бир группалаш курбум жардам берүүгө аракет кылды, бирок колунан келбей койду. Калганы жер төлөөдөн чыгып кетүүгө гана үлгүрүп, дең-дароо болуп карап гана калышты», — деп эскерет Нурдин кызы.

Кыздын апасы Нурия Кочкорбаева «сабалгандан» кийин мурду сынып, баш сөөгү чайкалып 10 күн ооруканада жаткандыгын айткан.

Жөн гана алакан менен чаап койгон

Изабековдун айтымында, анын окуучусу Нурдин кызын «сабаган» эмес, жөн гана алакан менен чаап койгон.

«Ал жакта кандайдыр бир инцидент болгон. Кимдир бирөө бирөөнү түртүп кеткен, бирөө жооп кайтарган. Кыздардын сөзү боюнча 10-15 гана секунд», – дейт Изабеков.

Анын пикиринде, Нурдин кызы Тыныбекова Олимпиада оюндарында байгелүү орунду жеңип калса, ага тиешелүү «акчаны алгысы» келип атат.

«Алар телевизордон Тыныбекова лицензия жеңип алгандыгын көрүп, жаман ойлору менен аракет кыла башташкан», – дейт Изабеков.

Анын айтымында, кыздын апасы Тыныбековадан 60-70 миң АКШ долларын «талап кылып жатат».

Медалга болгон негизги үмүт

Тыныбекова америкалык «Тайм» журналы түзгөн «көңүл бурууга татыктуу» олимпиада спортчуларынын рейтингине киргизилип, «таң калаарлык машыгуу режими» бар, жалаң эркектер менен машыгат жана ар дайым кымыз ичет деп көрсөтүлгөн.

«Тайм» журналы аны өз өлкөсү үчүн «медалга жетүүдөгү негизги үмүт» деп атаган.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков