Аксы милициясын жергиликтүү тургунду өкүмсүз жазалап жатканда эч аракет кылган эмес деп күнөөлөп жатышат

Жалал-Абад облусунун тургуну анын баласын мал уурулукка шекшип 100дөй адамдан турган топ «сабап» жатканда милиция кызматкерлери эч нерсе кылбай, карап тургандыгын айтты. Райондук ички иштер бөлүмүндө тескерисинче, милиция кызматкерлери баланы куткаргандыгын билдиришти. 

22 жаштагы Аткул Арстанбековду жүздөй киши өкүмсүз жазалады — алар аны мал уурулукка шекшип «сабап», сууга «чөктүрүшкөн», деп билдирди баланын апасы Анаркан Арстанбекова.

Бул маалыматты укук коргоочу «Голос свободы» уюму менен мактешкенде айылдын эки тургуну ырастаган.

«Менин уулумду бир нече жолу агын сууга чөктүрүшкөн, ал эс-учун жоготуп койгон. Анан аны айылдын ортосуна алып келип, уруп-соккондорун улантышты», — дейт Арстанбекова.

Анын айтымында, уулун «сабап» баштагандан эки саат өткөндөн кийин милиция кызматкерлери келген жана бир саат бою ал мушташка аралашкан эмес.

«Алар аны айылдын так ортосунда сабап жатышты, эч ким болушкан жок. Биздин айылда милиция участкасы жок, Кербенден [райондун борборунан] бизге чейин 15-20 мүнөттө келсе болот, бирок алар эки саттан кийин гана келип, бир саат бою Аткулду кантип сабап жаткандыктарын карап турушту. Топто 100дөй киши болчу, алар ага колдору, буттары жана союлдар менен сокку урушту», — деп айтышты Арстанбекованын айылдаштары.

Арстанбекованын айтымында, бул иш боюнча милиция кылмыш ишин козгогон эмес.

Бала көптөгөн жарааттары менен ооруканага жаткырылды.

Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Арстанбекованын күнөөсүн четке какты — кызматкер Таалайбек Сусунбаевдин айтымында, милиция кызматкерлери баланы «куткарышкан».

«Алар баланы топтошкон элден куткарып мал уурулукка шектүү катары РИИБге алып келишти. Бирок ага карата жазылган арыз жок болгондуктан аны кое беришти. Учурда бала ооруканада дарыланып жатат», — деп өз версиясын айтты басма сөз катчы.

Сусунбаев баланы сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголот деп убада берди.

Буга чейин Арстанбековду майда уурулуктары үчүн кармашкан, бирок ал мал уурулукту моюнуна албай эле.

«Клооп» баланы сабаганга шектелгендер менен байланыша алган жок.

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков