«Кумтөрдүн» 200дөн ашык кызматкери «тооктун жумурткасынан» ууланышты

Каракол шаарынын ооруканасына алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясынын 200 кызматкери кайрылган, алардын 78и ооруканага жаткырылды. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануунун себеби тооктун жумурткасы болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. 

«Кумтөрдүн» басма сөз кызматы компаниянын 224 кызматкери температураларынын жогорулоосуна, жалпы алсыздыкка жана диареяга даттанышып, дарыгерлерге кайрылышкандыгын жана алардын 78и ооруканага жаткырылгандыгын билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адистери «Кумтөрдүн» тамак жасоочу жеринен, кампаларынан, турак үйлөрүнүнөн жана санитардык түйүндөрүнөн көзгө көрүнөрлүк деле эреже бузууларды тапкан эмес.

Санитардык-эпидемиологиялык кызмат компания колдонуп жаткан бир катар азыктардын сертификаттары жок экендигин аныктаган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунундун башкы дарыгеринин орун басары Махаматхалил Мурзашев уулануунун себеби тооктун жумурткалары болгон, деп болжолдойт.

«Алардын бардыгы жумурткадан шектенип жатышат. Анткени, эртең менен тооктун жумурткасын жешкен», – деди «Клоопку» Мурзашев.

Учурда бул окуяны териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жалпысынан кенде 1602 адам иштейт.

«Кумтөрдүн» алтын өндүрүүчү заводдорунун негизгилери Бишкек шаарынан 350 чакырым алыстыкта Ысык-Көлдүн түштүгүндө жайгашкан.

Акыркы айларда канадалык «Центерра голд» алтын өндүрүүчү компаниясы ээлик кылган «Кумтөрдүн» кыргыз бийлиги, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар менен болгон мамилеси татаалдашып кеткен.

Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров өз докладында «Кумтөрдөгү» бир катар экологиялык жана экономикалык мыйзам бузууларды айтып чыккандан кийин, июнь айынын соңунда Кыргызстандын парламенти «Центерры голддун» алтын өндүрүүгө болгон лицензияларын жокко чыгаруу маселесин талкууга алган.

Канадалык компаниянын жетекчилиги Жапаровдун докладын «чындыкка туура келбейт» деп айткан.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков