«Кыйноодон жабыр тарткан» адамдын жубайы милиция кызматкерлерине нааразы болуп, башкы прокурорго арыз менен кайрылды

Адам өлтүрүүгө шектелип кармалган Закир Касымовдун жубайы милиция кызматкерлерине нааразы болуп, башкы прокуратурага даттанып, арыз менен кайрылды — анын айтымында, алар күйөөсүнөн моюнга алуу боюнча көрсөтмө алуу үчүн союл менен уруп, тырмактарынын алдына ийне сайгылашкан.

9-июлда Бишкек шаарындагы бейтапкананын кароолчусун өлтүрүүгө шектелип кармалган адамдын жубайы Тахмина Орозалиева күйөөсүн «кыйнагандыктарын» айтып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин күнөөлөп жатат.

Орозалиева Касымовдун ишин «өзүнүн көзөмөлүнө алып», Биринчи май райондук ИИБсинен алуу өтүнүчү менен башкы прокурор Аида Саляновага арыз жазып кайрылган.

Ал Саляновадан күйөөсүнө карата козголгон кылмыш ишин токтотууну суранган — Орозалиеванын айтымында, Касымовдун күнөөсү жоктугун ырастап бере турган күбөлөр бар.

«Өлтүрүү болгон күнү, тактап айтканда, 31-майдан 1-июнга караган түнү күйөөм экөөбүз Кеминде чөп чабыкта болчубуз. Биз ал жерде 31-майдан 3-июнга чейин жашаганбыз», — дейт Орозалиева укук коргоочу «Голос свободы» уюмуна берген маегинде.

Учурда Касымов Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы чын эле Орозалиевадан арыз кабыл алгандыктарын ырастады.

Басма сөз кызматтын кызматкери билдиргендей, Орозалиева жазып берген фактылар үч тескөөчү орган тарабынан текшерилип жатат — Биринчи май райондук, Бишкек шаардык жана башкы прокуратуралар тарабынан

«Тырмактарынын алдына ийне киргизишкен»

Касымов 31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Манас жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги бейтапкананын кароолчусун өлтүрүүгө шектелип кармалган.

Кармалган адамдын жубайынын айтымында, милиция кызматкери күч колдонуу менен моюнуна алуу тууралуу көрсөтмөлөрдү айттырып алышкан.

«Башына целлофон баштык, андан кийин противогаз кийгизишкен, гезит менен оролгон резина союлчалар менен буттарына ургулап, тырмактарынын алдына ийнелерди киргизишкен», — дейт Орозалиева “Голосу свободы” уюмуна.

Орозалиева күйөөсүнө коюлган күнөөлөр менен макул эмес — анын айтымында, өлтүрүү болгон учурда күйөөсү экөө Бишкектен 200 чакырым алыстыкта жүрүшкөн.

Ал өзү эсептегендей, Касымовдун алибисин ырастап бере турган күбөлөрдү тапкан.

Орозалиева ошондой эле күйөөсүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн басып чыгарууну талап кылып жатат — анын пикиринде, бул дагы Касымовдун күнөөлүү эместигин аныктайт.

Бул боюнча түшүндүрмө берүү үчүн Биринчи май РИИБси жеткиликсиз болуп чыкты.

Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы кыйноолор бир нече жолу эл аралык деңгээлде талкууланып келген.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллэй июль айынын башындагы Кыргызстанга болгон сапары учурунда өлкөнүн укук коргоо органдары кыйноолорго барып жаткандыгы тууралуу маалыматтар дагы деле келип жаткандыгын айткан.

Кыргызстандын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Пиллэйге чын эле анын мекемесине жарандардын болгон ишениминин жоголгондугун айткан.

Автор: Анара Адылбек кызы

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков