Кыргызстан Өзбекстан менен «согуштук абалда» болгон деген билдирүүнү четке какты

Кыргызстандын чек арачылары казакстандык «Литер» гезитинде жазылган «чек арадагы атышуудан кийин Кыргызстан менен Өзбекстан «согуш абалында» турат» деген маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы эки өлкөнүн ортосундагы мамиле «туруктуу» деп билдирди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдындагы Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлнура Бөрүбаева 17-июлдагы чек арадагы атышууга карабастан эки өлкө ортосундагы мамиле «туруктуу» экендигин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аскерлеринин өкүлдөрү «белгилүү бир макулдашууга» келишкен. Бирок ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу кенен маалымат берген жок.

Атышуулардын жүрүшүндө эки адам - бир кыргыз жана бир өзбек чек арачысы каза болгон.

Буга чейин Бишкек менен Ташкент бири-бирин күнөөлөшкөн билдирүүлөрдү таркатышкан.

19-июлда Өзбекстан кыргыз чек арачыларынын аракеттерин «куралдуу бандиттик кол салуу» деп атаган.

Буга жооп катары Кыргызстан өзбек чек арачылары атышууну баштаган соң кыргыз тарап «жооп катары ок чыгарууга мажбур болгон» деп билдирген.

Чек арачылар ортосундагы атышуу Кыргызстандын чек арага жакын Булак-Башы айылынын жашоочулары талаш аймактагы унаа жолун оңдоп жатканда башталган.

Кыргызстандын Чек ара аскерлиги 23-июлга карата кыргыз тарап чек арадагы атышуу боюнча өз позициясын өзгөртпөгөндүгүн билдирди.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берген жок.

Германия менен окшоштук

«Литер» казак гезитинин журналисти Марат Мамаев 21-июлда кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуу тууралуу макала жазып, басып чыгарган — анда ал өлкөлөр «техникалык жактан согуштук абалда болгондугун» жазган.

Журналист муну өзбек бийлигинин кыргыз чек арачыларын агрессияга расмий түрдө күнөөлөөсү менен түшүндүргөн.

«Кайсыл гана өлкөнүн аскердик доктринасы болбосун, Өзбекстан да мындан четте калбайт, агрессия фактысын согуштук абал катары чечмелейт», — деп жазган ал.

Жалпысынан өзбек бийлигине карата сын мамиле жасалган макалада — Ташкенттин аракети Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы Германиянын аракеттери менен салыштырылган.

«73 жыл мурун күчөтүүгө чек арадагы чагымчылдык шылтоо болгон. Жыйынтыгында бардыгы жеңилген», — деп жазган Мамаев.

«Литер» - «Нур Медиа» холдингине тиешелүү, ал өз кезегинде Казакстандагы башкаруучу «Нур-Отан» партиясы менен тыгыз байланышта.

Кыргызстандын чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы ар бир журналисттин «каалаган окшоштуктарды келтирүүгө» укугу бар, деп билдирди.

«Автор кайсы окшоштуктарды келтирип жатат – бул гезиттин жана журналисттин иши», — деди басма сөз катчы Бөрүбаева.

Автор: Карина Жолдошева

Редакторлор: Бектур Искендер жана Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Кабар” маалымат агенттигинин сайтынан алынды