Кыргызстандык хирургдар биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасашты

Акыркы аптада кыргызстандык хирургдар чет элдик адистер менен биргеликте эки кыргызстандык бейтапка бөйрөй алмаштыруу боюнча операция жасашты. Экөө тең органдарды өз туугандарынан алышты.

22 жаштагы бөйрөк жетишпестиги менен ооруган Тимур аттуу кыргызстандыкка Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө борборунун хирургдары жана Түркиядан келген доктор Эркин Орозакунов тарабынан операция жасалды.

Бөйрөк жетишпестиги — бул бөйрөктүн ишке жөндөмдүүлүгүнүн акырындык менен азайышы. Ал бөйрөктүн ишиндеги көп сандаган бузулуулурды пайда кылып, организмде зыяндуу заттардын чогулушуна алып келет.

Бөйрөк жетишпестигинин акыркы баскычында оорулуулар бөйрөктү алмаштырып же үзгүлтүксүз «жасалма бөйрөк» аппаратын колдонуп гана аман кала алышат. Учурда мындай аппараттар республикада жетишпейт.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата 160тай кыргызстандык гемодиализ (жасалма бөйрөк аппараты) менен бекер жашап жатышат. Дагы 500ү бекер гемодиализге кезекте турушат. «Кабар» маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, алардын 10ну өлүп калышса, дагы 80и өлүм алдында турушат.

Тимурдун донору апасы болду, анткени биздин мыйзам боюнча, жакын туугандарынын гана органдары менен ткандарын колдонууга борот. Кыргызстанда  «башка бирөөнүн», ошондой эле «каза болгон адамдын» ткандары менен органдарын колдонууга  уруксат берилбейт, дейт хирург Талгат Осмонов.

Осмоновдун айтымында, бөйрөк алмаштыруу боюнча операция Кыргызстанда биринчи жолу жасалды.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө борборунун хирургдарынын баамында, операция «ийгиликтүү» өттү.

Осмонов институттун хирургдары «99 пайызга» даяр болушкан деп эсептейт. Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлиги чет өлкөдөн адистерди тартуу кеңешин беришкен.

Анын айтымында, бөйрөк алмаштыруу боюнча операциялар чет өлкөлөрдө 25-35 миң АКШ доллары турат. Тимурга болсо бөйрөгүн бекер алмаштырып беришти.

Осмонов бөйрөк алмаштыруу боюнча операцияны былтыр эле жасагылары келгендигин айтты. Бирок бир нече себептерден улам кийинкиге калтырылган.

Кыргызстандын мурунку жараны - Түркиядан келген хирург-трансплантолог жабдуулар «эскирип» калгандыктан республикада мындай операцияларды жасоого шарттар жок деп эсептейт.

Ал операцияны «ийгиликтүү» жасоого эч нерсе тоскоол кылбагандыгын билдирди — бөйрөк 30 мүнөттүн ичинде жашап кеткен. Операция беш саттан ашык убакытка созулду.

Тимур менен анын туугандары сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Экинчи операция

Тимурдун операциясынан үч күн өткөн соң Эне жана балалык улуттук борборунда бөйрөк алмашытруу боюнча экинчи операция жасалды.

АКИpress маалымат агенттиги хирургдарга шилтеме жасап билдиргендей, операция «кыйынчылыктарсыз» өттү.

35 жаштагы кишинин бөйрөгүн алмаштырышып, ага бир тууган агасы донор болгон.

Органды алмаштыруу операциясын Кыргызстандын жана Белорусиянын адистери жасашты, ал алты сааттан ашык убакытка созулду.

Талгат Осмонов бөйрөк алмаштыруу боюнча кийинки операцияны да Эркин Орозакунов менен биргеликте жасай тургандыктарын айтты. Ал эми андан аркыларын Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө борборунун хирургдары өз алдынча жасашат.

Талгат Осмоновдун айтымында, быйыл мамлекет бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 16 миллион сом бөлгөн.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө борбору 2004-жылы негизделген. .

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков