Садыркуловдун өлүмү боюнча сот жыйыны: соттук-медициналык эксперттер биринчи жолу саясатчы унаадагы өрттөн күйгөн деп жатышат

Соттун жыйынында Медет Садыркуловдун өлүмүнөн кийин алгачкылардан болуп анын денесин карап чыккан соттук-медициналык эксперттер саясатчынын өлүмү тууралуу айтылган биринчи версияны туура деп жатышат. Ага ылайык, Садыркулов унаа кырсыгынан кийин чыккан өрттөн тумчугуп өлгөн. Андан кийинки жүргүзүлгөн экспертиза президент Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси тумчуктурулуп өлтүрүлгөн, ал эми унаа кырсыгы атайын эле жасалма жол менен уюштурулган, деп жыйынтык чыгарган.

2009-жылы Садыркулов каза болгондон кийин анын денесин алгачкылардан болуп текшерүүдөн өткөргөн Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкерлери 2011-жылы кайра жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы менен макул болушкан жок.

Аскердик соттун 20-июндагы жыйынында алар президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси муунтулуп өлтүрүлгөн эмес дешти – Бул экинчи жолу жүргүзгөн экспертизанын “Садыркулов унаа күйүп баштаганга чейин эле өлгөн болчу”, деген жыйынтыгына каршы келет.

Эксперттердин айтымдарында, Садыркуловдун адамды муунтканда сынып кете турган тилдин алдындагы сөөгү бүтүн болгон.

«Биз текшерип жатканда сыныктарды көргөн эмеспиз», – деди соттун жыйынында Аламүдүн районунун соттук-медициналык эксперти.

Бул 2009-жылы бийлик жарыялаган биринчи версияга тууура келет — ага ылайык, саясатчы Казакстандан келе жатып унаа кырсыгына кабылып, ис газы менен ууланып унаанын ичинде каза болгон.

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчисинин сөөктөрүнө эки жылдан кийин кайталап экспертиза жүргүзүшкөн — анын жыйынтыгы ал муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн көрсөткөн.

Экинчи текшерүү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун башка кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн — алар тилдин алдындагы сөөктүн сынгандыгын аныкташкан.

Экспертизанын акыркы жыйынтыгы Садыркулов унаа күйүп баштаганга чейин эле өлгөндүгүн көрсөткөн.

Соттук-медициналык эксперттер өздөрүнүн текшерүүсүндөгү туура эмес жыйынтыктары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышпайт.

Бакиевди бийликтен кетирүүгө даярданып жаткан

Алгач Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы кагышканда каза болгон, деп билдиришкен.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген жоромолду билдиришкен.

Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Көк-Жар жаңы конушунун четинде өлтүрүлгөн.

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган – жума күнү алтынчы жыйыны болду.

Мындан мурунку соттун жыйынында экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров Садыркуловдун өлүмүнө үч күн калганда аны менен жолуккандыгын айткан.

Бекназаровдун айтымында, аппараттын мурунку жетекчиси чочугансып турган жана Бакиевди бийликтен кетирүүгө даярданып жаткан.

Садыркуловдун Бакиевди бийликтен кантип кетирүү боюнча пландары алгач 2011-жылдын сентябрында «Викиликс» сайты тарабынан бысылып чыккан АКШ элчилигинин сыр катында жазылган - Садыркулов өлөөрүнө бир аз калганда революция боюнча пландары тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине билдирген.

Автор: Александра Ли

Редакторлор: Бектур Искендер жана Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков