61-мектептин окуучуларынын ата-энелери өзүн өзү каржылоого өтүү маселеси боюнча соттун жыйынында доо арызы менен кайрылышат

Өкмөт Бишкек шаарындагы №61 мектепти өзүн өзү каржылоого өткөргөн — андагы окуучулардын ата-энелери балдарынын билим алуулары үчүн акча төлөп кала тургандыктарына нааразы болуп, сотко доо арыз менен кайрылганы жатышат.

№61 физика-математикалык мектеп өзүн өзү каржылоого өткөн, бул ата-энелердин нааразычылыгын жаратты — эми мектептин бардык керектөөлөрү ата-энелердин эсебинен каржыланат.

Ар бир баланын билим алуусу үчүн бир айлык төлөм 2500 сомдон 5000 сомго чейинки каражатты түзөт.

  • 2012-жылга чейин мектепке кирген окуучулар — 2500 сом
  • 2012-жылдан кийин 1-класска кирген окуучулар — 4000 сом
  • 5-класска кирген окуучулар — 3000 сом
  • Мектептин алдындагы бала бакчага кирген балдар — 5000 сом

Ата-энелер өкмөттүн бул токтомун «туура эмес» деп эсептешет. Ага ылайык, алар балдарынын окуусу үчүн акча төлөөлөрү керек болуп калат — ата-энелер бул боюнча Жогорку сотто нааразычылыктарын билдирип, президент Алмазбек Атамбаевге жардам сурап кайрылганы жатышат.

«Мен түнү менен уктабай акчанын сүрөтүн тартышым керекпи? Эмне кылышым керек, башка арга жок?», — деп даттанды 61-мектепте эки баласы окуган эне.

61-мектепте үч баласы окуган Клара Тонолдорова да аталган токтомго нааразы.

«Эгер бул өкмөт ушундай токтом чыгарса [...] жана өзүнүн кызыкчылыгын түрткүлөп жатса, [...], анда аны мен өкмөттүн азыркы мезгилдеги эң жаңылыш чечими деп эсептейм», — дейт Тонолдорова.

Мындай «жогорку» баалардын айынан таланттуу балдар окууларын бүтпөй калышы мүмкүн, деп ата-энелер кооптонуп жатышат.

Мектептин директору Юрий Низовский өзүн өзү каржылоого өтүү «убакыттын мажбурлоосу» деп эсептейт — анын айтымында, мамлекеттин мектепти «тиешелүү» көлөмдөгү каражат менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жок.

«Бизде мындай окуя болгон — балдар физика боюнча эл аралык олимпиадага барышкан, […] биринчи турдан өтүп, маселелерди чыгарышты. Экинчи турга өткөндө — приборлорду алып чыгып беришти, алар болсо аны менен кантип колдонууну билишпейт, анткени алар буга чейин андай приборлорду көздөрү менен көрүшкөн эмес», — деди Низовский.

Ал өзүн өзү каржылоонун эсебинен мугалимдер 2-3 миң сомго көбүрөөк акча алып, алардын айлыктары айына 10 миң сом болорун айтты.

Кыргызстандын өкмөтү билим берүү министри Канат Сыдыковдун сунушу менен 17-июлда 61-мектепти өзүн өзү каржылоого өткөргөн — министрдин пикиринде, бул мамлекеттик бюджеттин 18 миллион сомун үнөмдөйт, ошондой эле мектептин «статусун көтөрөт».

Орто билим бере турган 61-мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Кыргызстандын парламентинин депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү бар.

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев Политехникалык институттун информатика кафедрасын жетектеп турганда 61-мектепте голография (көлөмдүү көрүнүштү алуу ыкмасы) боюнча лекция окуган. Анын кызы Бермет Акаева да аталган мектепти аяктаган.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон Илгиз Чалбараков