Кыргызстан 44 «өнүккөн» өлкөнүн жарандары үчүн визасыз кирүү режимин киргизди

Президент Алмазбек Атамбаев бир ай мурун парламент тарабынан жактырылган мыйзамга кол койду – ага ылайык, дүйнөнүн 44 өлкөсүнүн жарандары Кыргызстандын аймагында 60 күн визасыз жүрө алышат. 

44 өлкө менен визасыз режим жөнүндөгү мыйзам президент кол койгондон кийин дароо өз күчүнө кирди.

Режим ал өлкөлөр менен бир тараптуу негизде гана киргизилет.

Өкмөттүн негиздемесине ылайык, тизмеге ички дүң продукциясынын деңгээли ар бир кишиге 7 миң доллардан ашык болгон өлкөлөр кирген.

Бул 44 өлкөнүн жарандары эч кандай тоскоолдуктарсыз Кыргызстандын аймагына кирип, ал жерде 60 күн жүрө алат.

Депутаттар визасыз режимди киргизүүнү 2012-жылдын 14-июнунда жактырышкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы өлкөгө кирген чет элдиктерди көзөмөлдөй албай калуубуз мүмкүн деп, режимди киргизүүгө көпкө каршы болгон — алардын пикиринде, бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирмек.

Бирок жыйынтыгында УКМК өкмөттүн бул чечими менен макул болгон.

Мыйзамга каршы чыккандардын катарында Тышкы иштер министрлиги да болгон. Министрлик режим киргизилсе консулдук жыйымдар кыскара тургандыгын айткан.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын 12 өлкө менен визасыз режим боюнча эки тараптуу келишими бар

Визасыз режим ачылган жаңы өлкөлөрдүн тизмеси:

[table id=9 /]

 

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков