Кыргызстандын ИИМи: Кыргыз кылмыштуу тобунун лидери Москва облусунда кармалды

Эл аралык полициянын Кыргызстандагы жана Орусиядагы кызматкерлери «тоноо максатында кол салуу» жана «адам өлтүрүү» менен алектенген кылмыштуу топтун лидерин Орусиядан кармады, деп билдирди Кыргызстандын ички иштер министрлиги. Азырынча Москва полициясы бул фактыны ырастаган жок.

Эл аралык издөөгө жарыяланган Ясин Сардалов 18-июлда Орусиянын Москва облусунда кармалды.

Кылмышкерди кармоо Эл аралык полициянын Кыргызстандагы жана Орусиядагы аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Сардалов Чүй облусунун аймагында «тоноо максатында кол салуу» жана «адам өлтүрүү» менен алектенген кылмыштуу топтун лидери. Анда билдиришкендей, топтун курамында 5-6 киши бар.

Сардалов жана аны менен бирге иштеген адамдар 2011-жылдын декабрында 31 жаштагы Алексей Лигайды өлтүргөн деп күнөөлөнүп жатышат.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, декабрда бул кылмышка шектелип жаткан эки адам кармалган, бирок уюшкан кылмыштуу топтун лидери Сардалов менен мүчөсү Нияз Алиев «жашырынып калууга» үлгүрүшкөн. Анда укук коргоо органдары аларды эл аралык издөөгө жарыялашкан.

Июлдун башында эл аралык полициянын кызматкерлери Алиевди Дагестандын аймагында колго түшүрүшкөн.

ИИМден билдиришкендей, Эл аралык полиция кармалгандарды мекенине өткөрүп берүү үчүн документтерди даярдап жатат.

Учурда топтун калган мүчөлөрүн издөө боюнча тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Бул боюнча түшүндүрмө берүүгө Москва облусунун полициясы жеткиликсиз болуп чыкты.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков