Мамлекет кыргыз жаштарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштурат

Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министрлиги кыргыз жаштарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштура турган борбор ачты. Алардын иштей турган негизги жумуштары курулуш жана тейлөө тармагында болоору пландалып жатат. 

Чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борбору Бишкекте 24-июлда ачылды — ага 15 миллион сом короду.

Жаштар министрлиги бул сыяктуу борборлорду ачуу менен калктын арасындагы жумушсуздуктун санын азайтууга үмүттөнүп жатат, деп түшүндүрдү мекеменин басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова.

Долбоордун координатору Нурбек Омуров билдиргендей, жаңы борбордо кыргызстандыктар курулуш жана тейлөө тармактарындагы жумуштарга үмүттөнүшсө болот.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын айлык акылары борбор түзгөн келишимдердин шарттарына байланыштуу болот.

Ал «араб өлкөлөрүнүн» курулуш тармагындагы айлык акыларын 900 (40 миң сомдун тегереги) АКШ доллары деп, мисал катары айтты.

Министрликтин маалыматы боюнча, кыргызстандыктардын 8,6 пайызы жумушсуз, ал эми жыл сайын чет өлкөргө жумуш издеп 500-800 миң киши кетет.

Улуттук илимдер академиясынын Методология жана социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев кыргызстандык жаштарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруунун оң да, терс да жактары бар экендигин айтты.

«Жакшы жагы — биз аларды жумуш менен камсыз кылып атабыз, а терс жагы болсо — бизде калктын тартыштыгы жаралып жатат», — деди Өмүралиев.

Ал өзүнүн изилдөөлөрүнүн биринин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунда «евро-үйлөрдү» байкагандыгын айтты.

Жергиликтүү жашоочулар мындай үй курууну чет жерде иштеп жүрүп үйрөнгөндүктөрүн түшүндүрүштү, деди Өмүралиев чет өлкөлөргө жумушка орноштуруунун жакшы жактарын айтып жатып «Клоопко».

Методология жана социалдык изилдөөлөр борборунун директору ошондой эле ээн калган чек ара аймактарындагы райондорду мисал келтирди. Анын айтымында, ал жердеги калк жумуш издеп коңшу өлкөлөргө жана Орусияга кетип калышкан.

Автор: Анара Адылбек кызы

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков