Ош: «Ак-Тилек» жана «Туран» кичи райондорунунда 1200 үй газсыз калышы мүмкүн

Ош шаарынын мэриясынын маалыматында, «Ак-Тилек» кичи районунда жолду кеңейтүү үчүн "мыйзамсыз" газ түтүкчөлөрү жылдырылат. Шаардык газ башкармалыгы бул маалыматты четке кагып, жылдыруу үчүн 3 миллион сом керектигин айтты. Эгерде газ түтүкчөлөрү жылдырылса, 1200 үй көгүлтүр отсуз калат.

"Ак-Тилек" кичи району шаардын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Ал жердеги жаңы курулган мектептин жанындагы жолдун эки чакырымын асфальттоо үчүн жалпысынан 1200 абонетти камтыган газ түтүкчөлөрүн жылдыруусу зарыл.

"Ак-Тилек" районунун аркылуу өткөн газ түтүкчөлөрү "Туран" кичи районун үйлөрүн да камсыз кылат.

Андыктан Ош шаардык газ башкармалыгынын маалыматында, эгерде түтүкчөлөр жылдырылса ушул эки кичи райондун 1200 үйү көгүлтүр отсуз калышы мүмкүн.

Ош шаарынын вице-мэри Рустам Мирзаматовдун мэриянын сайтында айтуусунда, 1990-жылдан бери орнотулган газ түтүкчөлөрү техникалык текшерүүсүз ортонулгандыктан "мыйзамсыз" болуп эсептелинет.

"Биз бул түтүкчөлөрдү жылдырышыбыз керек, анткени асфальттоо үчүн жол жетишпей жатат. Буга баа коюлат. Бул газ түтүкчөрү шаардык газ башкармалыгы орноткон, бирок мыйзамсыз деп эсептелинет, ошондуктан биз жылдырышыбыз керек",—деди Мирзаматов.

Ал эми Ош шаарынын газ башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн башчысы Зина Азимкулова орнотулган түтүкчөлөр мыйзамдуу экенин айтып, аны жылдырса 3 миллион сом керектелгенин маалымдады.

"Эми бүгүнкү күндө бул өтө ооручулдуу чечилбеген маселе болуп жатат да […]. Бул акчаны (3 миллион сомду). "КыргызГаз" береби, мэрия береби же ошол мезгилде (1990 жылы) салынып калган газопроводко ким күнөлүү аныгы чыгыш керек",—деп айтты Азимкулова.

"Ак-Тилек" кичи районунун жашоочусу Гульнара Анарбекова, эгерде газ түтүкчөлөрү жылдырылса, көтөрүлүшкө чыга турганын айтты.

«Кантип газсыз жашоо болсун, биз каршы чыгабыз. Каршы чыгабыз, бүт жашоочулардын колун топтоп арыз жазабыз», —деп Анарбекова билдирди.

Туркун Жунусбаева кошунасынын сөзүн колдоп, газ түтүкчөлөрдүн жылдыруусуна каршы чыгашаарын билдирди.

«Менин газды алып таштайт деген кабарым жок, жылдырат дешкен. Анан элдер көтөрүлүшкө чыкса албетте чыгабыз да. Газсыз кантип болсун.Төрт күндөн болду газ, сууларымдан бери жулуп кетиптир тракторлору келип", —деп кейиди Жунусбаева.

Автор: Кадича Рыскулова

Редактор: Айзат Шакиева