Президенттин сайты июлдун акыркы күндөрү дизайнын алмаштырат

Президент Алмазбек Атамбаевдин расмий веб-сайтынын жаңы версиясы колдонуучулар үчүн «ыңгайлуу жана жөнөкөй» болот, деп убада кылды мамлекет башчысынын басма сөз кызматы — аны июлдун акыркы күндөрү ишке киргизүүнү пландап жатышат.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Нурзат Токтогулова «Клоопко» берген маегинде мамлекет башчысынын жаңы сайты кайра иштелип чыгып жаткандыгын айтып, июлдун аягында ишке киргизиле тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, Роза Отунбаева президент болуп турганда, 2010-жылдын декабрында иштелип чыккан сайттын эски версиясына караганда жаңысы «ыңгайлуураак» болот.

Сайтка жаңы функциялар киргизилет, анын ичинде президент менен түз байланыш кызматы да бар.

Токтогулова Атамбаевдин порталына кандай жаңы кызматтар киргизилээрин жана түз байланыш кантип ишке ашаарын тактап айткан жок.

Ал кошумчалагандай, сайт президенттин аппаратынын кызматкерлери тарабынан иштелип чыгууда, ошондуктан аны кайра түзүүгө бюджеттен кошумча чыгым кеткен эмес.

Сайттын мурунку версиясында издөө кызматы жок болгон, ошондой эле «Блог», «Программалар жана долбоорлор» бөлүмдөрү Атамбаев иштеп баштаган 2011-жылдын аягынан баштап бир дагы жолу жаңыланган эмес.

Президенттик сайттардын тарыхы

president.kg дарегиндеги кыргызстандын президентинин порталы биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда ишке киргизилген – домен 2001-жылдын январында катталган.

Бүгүнкү күнгө карата «Веб-архив» долбоорунда сакталып калган веб-сайттын эң эски версиясы 2001-жылдын 18-февраль деген убактыны көрсөтүп турат – анда веб-сайт көгүлтүр жана ак түстө болуп, Акаевдин «Туруктуу өнүгүү жана жакшы жакка өзгөрүүлөр үчүн» деген лозунгу менен ачылып турган.

2002-жылы сайт олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, күрөң түскө боелгон.

2004-жылы дагы өзгөртүүлөр болуп, президенттин жаңылыктарынын үзгүлтүксүз жаңыланып туруу кызматы пайда болгон, ошондой эле кайра көгүлтүр ак түскө кайтып келген.

2005-жылдагы революциядан кийин сайтта бир жолу – 2008-жылы олуттуу өзгөртүүлөр болуп, жаңыланган.

Президент доменин жоготкон

Бир нече убакыт бою president.kg доменин Бакиевдин ордуна келген убактылуу өкмөт көзөмөлдөй алган эмес – убактылуу өкмөттүн, андан кийин президент Роза Отунбаеванын сайты 2010-жылдын декабрына чейин Kyrgyz-el.kg. дарегине негизделип келген.

2010-жылдын декабрында гана Кыргызстандын президенти өзүнүн сайтына кайрылып келген.

Мамлекет башчысынын сайтынын учурдагы версиясын «Юник Технолоджис» компаниясы иштеп чыккан. Компаниянын менеджери Тагай Исмаилов алар сайтты 2010-жылы «бекер эле» жасап беришкендигин билдирди.

Ал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин бийлик каржы каатчылыгына дуушар болуп турганда компания сайтты иштеп чыгып берип, колдоо көрсөткөндүгүн айтты.

Автор: Айшоола Айсаева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков