Чек ара кызматы 44 жаңы өлкөгө киргизилген визасыз режимге дээрлик даяр

Чек арачылар визасыз режим киргизилген 44 өлкөнүн паспортторунун түрлөрү боюнча тренингдерден өтүп жатышат, деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы. Вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин айтымында, режимди киргизүү - өлкөгө көбүрөөк чет өлкөлүк инвесторлор менен туристтерди тартууга мүмкүндүк берет.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдындагы Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» берген маегинде мекеменин кызматкерлери визасыз режимдин киргизилишине дээрлик даяр экендигин билдирди.

Эми чек арачыларга режим киргизилген өлкөлөрдүн тизмелери тууралуу сабактарды өткөрүүлөрү керек.

«Андан сырткары ал өлкөлөрдүн жарандарынын паспортторунун категориялары жана түрлөрү менен таанышуу боюнча сабактар өткөрүлөт», — деди Бөрүбаева «Клоопко» берген маегинде.

Анын айтымында, эми Чек ара кызматына жаңы милдет жүктөлөт — эми алар чет элдик туристтердин Кыргызстанда канча күн жүргөндүктөрүн көзөмөлгө алуулары керек.

Эгер визасыз режим киргизилген 44 өлкөнүн жарандары Кыргызстандын аймагында 60 күндөн ашык жүрсө аларга карата административдик мүнөздөгү чаралар көрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин статс-секретары Асеин Исаев чек арачылар чет өлкөлүк жарандардын визаларынын ордуна паспортторун текшерип, Кыргызстанга кирүү боюнча штамптарды да басуулары керек, деп эсептейт.

«Буга чейин чек арачылар башка өлкөнүн жарандарынын паспортторун ачып, андагы визаны көрүп эле, болжолдуу түрдө консулдуктан Кыргызстанга кирүү үчүн текшерүүдөн өткөндүгүнө ынанчу. Эми процедуралардын бардыгын чек арачылар аткарышат», — дейт Исаев.

Визасыз режимди киргизүү жөнүндөгү мыйзамга президент тарабынан 24-июлда кол коюлган. Мыйзам ошол күнү эле күчүнө кирген.

Режим ички дүң продукциясынын деңгээли ар бир кишиге 7 миң доллардан ашык болгон өлкөлөрдүн жарандары үчүн киргизилди, деп жазылган өкмөттүн негиздемесинде.

Вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин пикиринде, визасыз режим чет өлкөлүк ишкерлер менен инвесторлорду көбүрөөк тартууга, ошондой эле Кыргызстанга келген туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин экономика тармагындагы эксперттер ал өлкөлөрдөн туристтерди тартуу үчүн жарандарына режимдин киргизилгендиги тууралуу маалымат берүү керектигин айтышты.

Режим бир тараптуу негизде гана киргизилет.

44 өлкөнүн ичине Германия, Улуу Британия, АКШ, БАЭ жана Франция сыяктуу өлкөлөр кирген.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Улугбек Акишев      

Которгон: Илгиз Чалбараков