Ирандыктар «Финанскредитбанктагы» акцияларынын 46 пайызын кыргыз бизнесмендерине сатышты

Кыргыз бизнесмендери «Финанскредитбанктын» 46 пайыз акциясын ирандыктардан 70 миллион сомго сатып алышты. 2011-жылдын май айында чет элдиктер акцияны сатып алууда тиешелүү документтерини бардыгын көрсөтө албагандыктан Улуттук банк алар менен соттошкон.

«Финанскредитбанктын» 46 пайыз акциясына ээлик кылган ирандыктар жети келишим түзүшүп, үлүштөрүн 70 миллион сомго кыргыз биснесмендерине сатышты, деп билдирет фондулук биржа.

Уюм акцияларды сатып алуучуларынын аты-жөнүн, ошондой эле сатуунун себептерин айткан жок.

Ирандыктар аталган банктын баалуу кагаздарын 2011-жылдын май айында сатып алышкан.

Белгилүү болгондой, акцияларды сатуудагы бааларга (50 тыйын) караганда сатып алуудагы баасы (1 сом) эки эсе кымбат болгон.

Кыргызстандын Улуттук банкы Иран өкмөтү «эл аралык банк системасына кирүүгө мүмкүндүк алуу үчүн» акцияларды сатып алууга иран ишкерлерине каражат берген деп шектенишкен — БУУ Иран банктары менен кызматташууга тыюу салган.

Тегерандын эл аралык банк системасына кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген — мындай жол менен эл аралык уюмдар аны «өзөктүк программасын» каржылоого болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыраткан — Иран өзөктүк курал даярдоого шектелип жатат.

Иран акционерлери банктагы үлүштөрүн сатып алууга короткон каражат булактарын документалдуу түрдө так көрсөтүп бере алган эмес, мындан улам Кыргызстандын Улуттук банкы аларды сотко берген.

Бирок жоопкер адамдар келбегендиктен соттун бир дагы жыйыны болгон эмес.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков