Милиция августтун аягына чейин Кара-Жыгач токоюн кара куурайдан тазалайт

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бир ай ичинде Кара-Жыгач токоюнан 800 килограмм кара куурай чогултуп өрттөштү. Милиция парк аймагын бадалдардан толугу менен августтун ортосуна чейин тазалап бүтүрүүнү убадалады.

Милиция кызматкерлери Свердлов райондук администрациясы жана муниципалитети менен биргеликте Кара-Жыгач парк аймагын кара кууруйлардан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Свердлов РИИБсинин жетекчисинин орун басары Бакыт Максаковдун айтымында, жайдын аягы — жапайы өскөн кара куурайдын бышып жетилген мезгили болот.

«Жылдын бул мезгилинде ал [кара куурай] бышат десек болот. Андан сырткары биздин жарандардын арасында баңгизатын колдоно турган абийирсиздер да бар эмеспи», — деди Максаков.

Бир ай аралыгында Кара-Жыгач токоюнан чогултулуп өрттөлгөн 800 килограмм кара куурайдан 200 килограмм кургак баңгизат жасаса болмок, деп айтты Максаков.

Ал Кара-Жыгач токою август айынын ортосуна чейин бадалдардан толугу менен тазалана тургандыгын убада кылды.

Свердлов РИИБсинин маалыматына ылайык, күн сайын алардын районунда кара куурайдан жасалган баңгизатын колдонуу боюнча 10дон ашык факт аныкталат.

Кара куурай марихуана жана гашиш үчүн чийки зат катары колдонулат.

Кыргыз мыйзамдарында кара куурайды алып жүрүү жана сактоо үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Июлдун аягында премьер-министр Өмүрбек Бабанов Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин жетекчилигинин бардыгын кызматынан кетирген.

Бабановдун басма сөз катчысы Султан Каназаров муну мекеменин жетекчилигинин ишиндеги «көптөгөн кемчиликтери үчүн» кызматтарынан четтетилди деп түшүндүргөн.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков