Министр Сабировду депутаттардын жеке кепилдиги менен УКМКнын тергөө абагынан кое беришти

Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду депуттардын жеке кепилдиги менен кое беришти. Сабиров өзү пара талап кылган деген күнөө «күмөн саноолордон» куралган, деп эсептейт.

Бишкек шаардык соту Сабировдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны Жогорку Кеңештин алты депутатынын жеке кепилдиги менен кое берди.

Июлдун башында Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров Кыргызстандын аймагында балдарды Эл аралык багып алуу боюнча аккредитация маселесин чечип берүү үчүн чет элдик компаниялардын биринен 20 миң АКШ долларын талап кылган  деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагына кармалган.

Жактоочунун айтымында, министрге «ар-намысчы» Турсунбай Бакир уулу менен Бөдөш Мамырова, «Ата-Журт» фракциясынын дептуттары — Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов, жана партиясыз Өмүрбек Абдырахманов менен Равшан Жээнбековдор кепилдик беришкен.

Соттун жыйынынан кийин Сабиров кылмыш иши «күмөн саноолордон» куралган, деп билдирди.

«Мен күнөөлөрдүн бир дагы пункту менен макул эмесмин жана күнөөлүү эмесмин. Мен эч кимден пара алган да эмесмин, талап кылган да эмесмин», – деп эсептейт Сабиров.

Соттун жыйыны жабык эшик артында өттү.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Сабировду жайдын аягына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши 30-июнда козголгон.

Ошондой эле пара талап кылгандыгы үчүн Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзаметов да кармалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Мирзаметов акчаны өзүнүн жетекчиси үчүн талап кылгандыгын моюнуна алган.

«Министрдин жардамчысы чет элдик компаниялардын бирине Кыргызстандын аймагында балдарды Эл аралык багып алуу тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган», — деп жазган УКМК өз билдирүүсүндө.

Сабиров «Клоопко» бир нече жолу атайын кызматтагылар бул ишти атайын эле уюштуруп, жардамчысы экөөнү күнөөлүү кылгылары келип жатат, деп билдирген.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков