Парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн августта чогулушу мүмкүн

Азырынча кезексиз жыйындын кайсы күнү болоору так белгисиз, анткени депутаттардын жарымы каникулда жүрөт, дейт «атамекенчи» Жоомарт Сапарбаев. Анын айтымында, депутаттардын ишенбөөчүлүгүнүн себептеринин бири алдыда боло турган кендерди сатуу боюнча аукциондордогу мүмкүн болгон “коррупциялык схемалар”.

Кезексиз жыйын августтун аягына чейин өтүшү керек, дейт «Ата Мекен» фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев.

Депутатка шилтеме жасап «Азаттык» радиосу парламентарийлердин ишенбөөчүлүгүнүн себептеринин бири 28-августта өтө турган кендерди сатуу боюнча аукцион, деп билдирет.

«Сатуулар коррупциялык схемаларды колдонуу менен өтөт деген маалымат бар», — деп билдирет «Азаттык» Сапарбаевдин айткандарына шилтеме жасап.

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова Сапарбаевдин айткандарын четке кагып, мекеме аукционду атайын түз эфирде өткөрүп жаткандыгын жана мындай учурда эч кандай схемалар болбой тургандыгын айтты.

Сапарбаевдин айтымында, парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүүгө депутаттардын көпчүлүк бөлүгү добуш беришкен.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева парламент жыйынын июлда өткөрсө жакшы болот, эгер сессияны августка белгилесе, анда сентябрга чейин – парламенттин ишинин башталышына чейин «күтө турса болот», деп эсептейт.

Депутат билдиргендей, ал ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн кол койгон.

«Атамекенчи» Ширин Айтматова өзүнүн «Твиттердеги» баракчасында кесиптештери өкмөттүн таркашынын себебин премьер-министр Өмүрбек Бабановдун «активдүүлүгү» деп айтып жаткандыктарын жазган.

«Ал көпчүлүгүнөн озуп кетип жатат, бул жаман», — деп жазат Айтматова кесиптештеринин сөзүн кайталап.

Айтматова парламенттин кезексиз жыйынын өткүрүүгө добуш берген эмес.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган депутаттардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү кезексиз жыйындын болушу үчүн добуш берүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров бул боюнча түшүндүрмө берүү үчүн жеткиликсиз болуп чыкты.

Депутаттар өкмөттү таркатуу боюнча парламенттин кезексиз жыйынын 29-июнга белгилешкен, бирок кийинчерээк парламент бул маселени кароону күзгүгө калтырган.

Анда Өмүрбек Бабанов лидерлик кылган «Республика» фракциясы ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө кол коюудан баш тарткан.

Кыргызстандын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтө алат, андан кийин министрлер кабинети отставкага кетет.

Президент Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбой коюшу мүмкүн. Анда парламент өкмөттү таркатыш үчүн үч айдын аралыгында кайрадан ишенбөөчүлүк көрсөтүшү керек.

Өмүрбек Бабановдун өкмөтү 2012-жылдын январында иштеп баштаган. Анда министрлер кабинети мамлекеттик реформанын «100 күндүк» программасын бекиткен.

Оппозиция лидери Камчыбек Ташиев өкмөт белгиленген реформалардын бардыгын ишке ашыра алган жок деп айткан.

Авторлор: Шахида Дүйшеева, Чолпон Кожоярова жана Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт Жогорку Кеңештин сайтынан алынды