Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттун жыйыны экинчи жолу жылдырылды

Бишкек шаардык соту «коррупцияга» күнөөлөнүп жаткан депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттун жыйынын экинчи жолу жылдырды. Бул жолку жыйын тергөөчү келбей калгандыктан болбой калды — Түлеевдин жактоочусу тергөөнү атайылап эле создуктурууну каалап жаткандыктарын айтты.

Тергөө жүрүп жаткан мезгилге карата Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотту экинчи жолу жылдырышты — жыйынга эки тергөөчү келген жок – Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү менен башкы прокуратуранын тергөөчүсү.

Буга чейинки соттун жыйынын Түлеевдин жактоочусу Султан Баратов ооруканада болуп келбей калгандыктан жылдырышкан.

Кийинки жыйын 30-июлга белгиленди. Бишкек шаардык соту тергөө жүрүп жаткан мезгилде Түлеев кайсыл жерде кармалышы керектигин чечүүсү керек.

Биринчи инстанциядагы Биринчи май райондук соту Түлеевге баш коргоо чарасы катары УКМКнын тергөө абагына эки ай камоо чечимин чыгарган.

Бишкек шаарынын мурунку мэри жана депутат белгиленген ал мөөнөттүн жарымын бүтүрүп койду.

Түлеевдин жактоочусу Султан Баратов УКМК менен башкы прокуратуранын кызматкерлери соттун жыйынын үзгүлтүккө учуратуу үчүн атайын эле келбей койду, деп эсептейт.

«Алар Нариман Түлеевдин абакта дагы бир ай кармалышын каалап жатышат. Эртең менен УКМКнын 15 кызматкери болгон, бирок сот башталаарда качып кетишти. Алар соттун жыйынын атайын эле үзгүлтүккө учуратып жатышат», — дейт Баратов.

Сот жыйынына келген Түлеевдин туугандары жана тарапташтары тергөөчүлөр менен сот «жогорку жактагылардын буйрутмасын» аткарып жатат, деген пикирлерин билдиришти.

Мындай күнөө коюууларга башкы прокуратура менен УКМК эч кандай реакция жасаган жок.

«Коррупционер»

Укук коргоо органдары Нариман Түлеевди 21-июнь күнү кечинде кармап кетишкен.

Аны Бишкек шаарынын мэри болуп турганда 200 кытай автобусун «жогорулатылган» баада сатып алган деп күнөөлөшкөн.

Түлеев болсо бул күнөөлөрдү моюнуна албай, тескерисинче, автобустарды базар баасынан төмөндөтүлгөн баада сатып алгандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылган.

Түлеевдин тарапташтары ага карата жасалып жаткан бул иштерди саясатташтырылган деп эсептешкен — депутат Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн демилгечилеринин бири болгон.

Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда – 2008-жылдан 2010-жылга чейин иштеген.

Ага карата Бакиев бийликтен кеткен 2010-жылдын апрелинде эле мэр болуп турганда каржылык мыйзам бузууларга барган деген күнөө коюлуп, кылмыш иши козголгон. Бирок андан кийин күнөөлөрү алынып, 2010-жылдын аягында оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган.

Автор: Бегимай Бекболотова

Редакторлор: Бектур Искендер жана Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков