«Жаңылыштыктан» улам шизофрения менен ооруган адам жарым жылдан бери Нарындын тергөө абагында камакта жаткан

Нарын облусдагы Кочкор районунун жашоочусу Асылбек Эркинбаев шизофрения менен ооруйт жана жарым жылдан бери «жыңылыштыктан» улам тергөө абагында камакта жатат, деп билдирет акыйкатчынын аппараты. Аны билип туруп атайын эле чоң зыян келтирген деген шек менен кармашкан. Жергиликтүү оорукананын дарыгери ал психикалык жактан дарыланууга муктаж экендигин айтты. 

2009-жылы эле шизофрения менен ооруйт деген диагноз коюлган Эркинбаев жарым жылдан бери   Нарын шаарынын тергөө абагында камакта жатат, деп билдирди акыйкатчынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Рысбеков.

Рысбековдун айтымында, Эркинбаев тергөөчүнүнүн, судьянын жана прокурордун «жаңылыштыгынан» улам тергөө абагына түшүп калган — алар тергөөнүн башталышында кармалган адамдын психикалык абалын текшеришкен эмес.

Эркинбаевдин оорусу тергөө абагында жатканда күчөп баштаган, деп билдирет акыйкатчы аппаратынын кызматкери.

Анын айткандарын Нарын облустук оорукансынын психоневролог дарыгери Нарынкүл Абдыраева ырастады.

«Ал психикалык дарыланууга муктаж», – деди Абдыраева.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын кызматкери Элеонора Шаршеналиева Эркинбаевдин психикалык абалы текшерилбегендиги чын экендигин айтты.

Ал ошондой эле тергөө абагынын медициналык кызматы Эркинбаевге жазылып берилген дарылардын бардыгын берип жаткандыгын жана анын абалы учурда «канааттандыраарлык» деп бааланып жаткандыгын билдирди.

Шаршеналиева кошумчалагандай, бүгүн Нарын облустук соту анын кылган кылмышы үчүн жаза тартууга жөндөмдүү же жөндөмдүү эмес экендигин аныктайт.

Бул боюнча экспертиза жүргүзүлгөн, бирок анын жыйынтыгы соттун жыйынында гана белгилүү болот.

Эгер сот кармалган адамды «кылмышы үчүн жаза тартууга жөндөмдүү эмес» деп тапса, аны дарылануу үчүн психикалык жактан ооруган адамдарды дарылоочу ооруканага мажбурлап жиберишет, деди Шаршеналиева.

Эгер Эркинбаев жаңылыштык кетирган адамдарды сотко берсе ал тергөө абагында жарым жыл жаткандыгы үчүн компенсация ала алат.

Укук коргоочу Сардар Багышбеков кылмыш кылган учурда Эркинбаевдин психикалык жактан ооруйт деген дилили болгон соң, аны тергөө абагында кармабаш керек болчу деп эсептейт.

«Клооп» «жаңылыштык» кетирген тергөөчү менен прокурордун аты-жөнүн аныктай алган жок.

Ал эми судья учурда жайкы өргүүдө болуп, түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков