Дан Балан 12-августта Ысык-Көлдө ырдайт

«O-Zone» тобунун мурунку аткаруучусу Дан Балан Ысык-Көлдөгү концертте ырдайт, деп билдирет Атай Өмүрзаковдун продюсердик борбору. «Атай Продакшн» борборунун билдирүүсү боюнча, молдовалык ырчыдан сырткары сахнага «NANA» тобунан Рей Хортон жана чет элдик бийчилер чыгат.

Дан Баландын концертине билет үчүн 19 миң сом төлөөгө мүмкүнчүлүгү жеткен 1-2 миң киши гана кире алат, деп билдирди «Атай Продакшн» продюсердик борборунун кызматкери Замира Калыкова.

Уюштуруучулар чет элдик атактуу аткаруучулардын гонорарынын суммасын билдиришкен жок.

Концерт «Я-танцор» жайкы бий лагеринин алкагында пансионаттардын биринде өтүп, анда бий сынактары да болот.

Сынактын катышуучусу Германиядагы эл аралык мелдешке катышат.

Май айында өткөн «Я-танцор» фестивалынын зарыгып күттүргөн жылдыздардын бири «Шаг вперед 2: Улицы» жана «Шаг вперед 3Д» тасмаларындагы Лося аттуу ролу менен белгилүү болгон Адам Севани болгон.

Бирок Севани фестивалга келген эмес.

Дан Балан — «Chika Bomb», «Justify Sex», «Лепестками слёз» жана «Лишь до утра» деген ырлары менен 2009-жылдан бери Орусиянын чарттарында алдынкы орундарды ээлеп келе жаткан молдовалык музыкант.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган он кишинин экөөсү Баландын концертинин билети үчүн 19 миң сом төлөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Википедия” эркин энциклопедиясынын сайтынан алынды, автору, колдонуучу Dan Balan