Казакстандын буудайынын «кымбат» болушунан улам Бишкек жана Ош шаарларында ундун баасы жогорулады

Бир жуманын ичинде ундун жогорку сортунун бир килограммына болгон баа Бишкекте 26 сомдон 30 сомго, Ошто 20 сомдон 25 сомго кымбаттады. Баалардын кымбатташын Экономика министрлиги казак буудайына болгон баалардын өсүүсү менен түшүндүрдү. 

Бир жума мурун Бишкек шаарында ун төрт сомго арзан болчу — килограммын 26 сомго сатып алса болмок, азыр босо анын баасы 30 сом.

Ушундай эле абал Ош шаарында да түзүлдү — ал жакта жогорку сорттогу ундун килограммына болгон баа 20 сомдон 25 сомго кымбаттаган.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Конкуренцияны өнүктүрүү боюнча департаментинин жетекчиси Жанболот Айбашов кымбаттоолорду күндүн ысыктыгынан казак буудайына болгон баалардын өсүүсү менен түшүндүрдү.

Айбашовдун айтымында, казак дан эгиндеринин бир бөлүгү күйүп кеткен, мындан улам Кыргызстан буудайды мурункудай 11 сомдон эмес, 17 сомдон сатып алып жатат.

«Эгер түшүм жакшы болсо унга болгон баалар турукташат», — деди Айбашов.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган Бишкектин Ош базарында ун саткан сатуучулар унга болгон баалардын кымбаттагандыгын ырасташты.

Ош шаарынын борбордук базарында соода кылган Камил Осмоналиев буга чейин бир кап унду 900 сомго сатып келишсе, азыр 1200 сомго сатып жаткандыктарын айтышты.

Осмоналиев баалардын өсүүсүнө эмне себеп болгондугун билбейт — анын айтымында, бир жарым жуманын аралыгында баалар анын төрттөн бир бөлүгүнө жогорулаган.

Дагы бир ишкер Акжигит Мамытов оштук ун тартып келүүчүлөр 2012-жылы туруктуу баалар болот деп убада кылышкандыгын айтты.

Мамытов ошондой эле заводдор 850 сомдон ашпаган бааларды убадалаган деди. Бирок, анын айтымында, акыркы жуманын ар бир экинчи күнүндө баалар 100 сомго кымбаттап турган.

Экономика тармагы боюнча серепчи Улук Кыдырбаев казак унун колдонуунун зарылчылыгын түшүндүрдү — анын айтымында, кыргыз буудайы «сапатсыз».

«Казак уну — сапаты жагынан жогору турат, ал катуу, буудайдын туруктуу, бекем сортунан жасалат, ошондуктан аны көп сатып алышат. А биздин ун болсо тилекке каршы буудайдын андай сортторунан жасалбайт», — деди серепчи.

Кыдырбаевдин пикиринде, ундун кымбатташы нанды негизги азык катары пайдаланган «аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн капчыгына» зыян келтирет.

Бирок, ал нан калктын бардык катмарына жеткиликтүү болуусуна мамлекет кам көрөт деп үмүттөнөт.

Авторлор: Арзыгүл Кенжеакунова, Шахида Дүйшеева жана Екатерина Беляева

Редакторлор: Зарема Султанбекова жана Айзат Шакиева

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт: Joanna Bourne