Кыргыз аскер кызматкерлери танктардын радиаторлорун уурдаганга шектелүүдө

Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы Коргоо министрлигинин аскердик бөлүгүнүн кызматркерлерине карата кылмыш ишин козгоду — тергөөнүн маалыматы боюнча, алар согуштук унаалардын паркындагы танктардын радиаторлорун уурдашкан. Бул окуя боюнча коргоо министрлиги түшүндүрмө берген жок. 

13-июлда Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин согуштук унаалар паркында Т-72 танктарынын радиаторлору жоголгон — аскер прокуратурасы радиаторлорду уурдоого анда кызмат өтөгөн аскерлердин өздөрүн күнөөлөдү.

Азырынча аскер бөлүгүнүн номуру жана учурда шектелип кармалгандардын аты-жөнү айтылбай эле.

Көзөмөлдөөчү орган унаа паркынын кароолчуларына карата да кылмыш ишин козгоо маселесин караштырып жатат.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Т-72 танкы КМШ өлкөлөрүнүн бардыгынын аскердик куралдарынын катарында бар жана негизги согуштук унаа болуп эсептелет.

Кыргызстандагы танктардын саны — бул сыр маалымат, деп билдиришти Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Радиатор — температураны жөндөп туруучу унаанын бөлүгү.

Автор: Бегимай Бекболотова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Andrew Bossi