Лондондогу Олимпиадага барган кыргыз спортчулары допинг-текшерүүсүнөн өтүштү

Олимпиадага катыша турган 14 кыргыз спортчусунун 10ну Лондонго жетип, бардыгы допинг көзөмөлүнөн өтүштү. Кыргызстанда калган төрт спортчу Лондонго барганда тыюу салынган заттарга карата текшерүүдөн өтүшөт. 

Лондон Олимпиадасына барган спортчулар допинг-көзөмөлү үчүн кан тапшырышты.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн барган 140 олимпиадачы текшерүүдөн өтпөй калды — аларды жарым жылдан үч жылга чейин спорт байгелерине катышуудан четтетишти.

Текшерүүдөн кайсы өлкөлөрдүн спортчулары өтпөй калгандыгы азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Канат Аманкулов Олимпиадага барган 10 кыргыз спортчусу тыюу салынган заттарга карата текшерүүдөн өткөндүктөрүн айтты.

Кыргыз балбандары менен таэквондочулары азырынча Лондонго бара элек жана аларга допинг-көзөмөлүнөн өтүү башталган жок — «Вашингтон пост» гезитинин жоромолу боюнча, Олимпиада-2012де дал ошолор Кыргызстандын негизги үмүтү болуп саналышат.

Автор: Анара Адылбек кызы

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт: Michael Pead