Мурунку транспорт министри мамлекетке 250 млн. сом зыян келтирген деп күнөөлөнүп жатат

Башкы прокурор Аида Салянова мурунку транспорт жана байланыш министри, депутат Нурлан Сулаймановго карата кылмыш ишин козгоду — ал министр болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнүп жатат. ИИМ Сулайманов өлкөдөн чыгып кеткен деген божомолун билдирди. 

Сулайманов министр болуп турганда республикалык бюджетке 250 миллион сом зыян келтирген деп күнөөлөнүп жатат.

Ички иштер министрлигинин басма катчысы Бакыт Сейитов Сулайманов өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирди.

Ал депуттын кайсыл жерде экени ыкчам топко белгилүү деди, бирок маалымат каражаттарына тактап айткан жок.

Сулайманов оппозициялык «Ата-Журт» фракциясында — анын эки партиялашы — Азамат Арапбаев менен Дастанбек Жумабековдор бул күнөөлөр тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын айтышты.

Азырынча калган «ата-журтчулар» түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатышат.

Сулайманов транспорт министри кызматын Курманбек Бакиевдин убагында ээлеп турган.

2010-жылдын апрель революциясынан кийин депутатка карата эки кылмыш иши козголгон — аны мамлекеттин акчасынан өзүнүн эсебине 206 миллион сом которуп алган деп күнөөлөшкөн.

Кылмыш иштеринин бири жабылган, экинчисинин кайсы стадияда экендиги — белгисиз.

Автор: Бегимай Бекболотова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт Жогорку Кеңештин сайтынан алынды