Садыркуловдун өлүмү боюнча сот процесси судьянын оорусунан улам жылдырылды

Кыргызстандын Аскердик сотунун судьясы Марлен Тентимишев белгисиз себептерден улам ооруканага жатып калды, деп билдиришти соттун канцеляриясынан. Тентимишевдин ооруп калуусу экс-президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча соттун жыйынын белгисиз мөөнөткө жылдырды.  

Садыркуловдун өлүмү тууралуу соттун жыйыны белгисиз мөөнөткө жылдырылды – анда күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү угулмак.

Аскердик соттун канцеляриясынан кечээ ишти карай турган судья адистештирилген ооруканага жатып калды, деп түшүндүрүштү.

Канцеляриянын кызматкери 25-июлда Тентимишев өзүн жаман сезип, жумуштан суранып кеткендигин айтты.

Судьяны дарылап жаткан дарыгерлер анын диагнозу тууралуу маалыматты кесиптештерине да, журналисттерге да айтпай, түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

Тентимишевдин качан ооруканадан чыга тургандыгы белгисиз.

Садыркуловдун өлүмү

Президент Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси кызматынан кеткенден көп өтпөй 2009-жылдын март айында каза болгон.

Алгач Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы кагышканда каза болгон, деп билдиришкен.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген жоромолду билдиришкен.

Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган – бүгүн жетинчи жыйыны болмок.

Буга чейин сот саясатчы каза болгон унааны экспертизадан өткөрүүгө бийлик каршылык көрсөткөндүгү тууралуу айткан эксперттердин көрсөтмөлөрүн уккан.

Сот ошондой эле Садыркуловдун денесин экспертизадан өткөргөн соттук-медициналык эксперттерди да уккан — алар саясатчы унаа кырсыгынан каза болгондугун айтып, далилдөөгө аракет кылышкан. Бул андан кийин өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыктарына каршы келет — ал президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси муунтулуп өлтүрүлгөн, деген бүтүм чыгарган.

Садыркуловдун достору жана кесиптештери аны менен болгон акыркы жолугушуулары тууралуу айтышкан. Анда саясатчы Бакиевди бийликтен кетирүү боюнча пландарын айтып берген.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды