Билим берүү министрлиги 61-мектепти өзүн өзү каржылоого өткөрүү чечимин жокко чыгарууну талап кылат

Билим берүү министрлиги мамлекет бюджеттен №61 мектепке акча бөлүүсүн улантышы керек, деп эсептейт. Мекеме премьер-министр Москвадан келгенден кийин өкмөттүн токтомун жокко чыгарууну талап кылат. Ал токтомго ылайык, мектептин керектөөлөрүнүн бардыгы ата-энелердин эсебинен каржыланат.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева премьер-министр Өмүрбек Бабанов Москвадан келгенден кийин, министрлик өкмөттүн күн тартибинен 61-мектеп тууралуу маселени алып салууну талап кыла тургандыгын айтты.

Министрлик мектепти мамлекеттик бюджеттин каражатынан куру калтырган токтом жокко чыгарылат деп болжолдоп жатат, деди Жукеева.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, билим берүү министрлиги ал токтомго башынан эле каршы болгон.

26-июлда президент Алмазбек Атамбаев мектептин өзүн өзү каржылоого өткөрүлүшүн «Конституциянын бузулуусу» деп атаган.

Жаңы окуу жылынан баштап балдарынын билим алуусу үчүн айына 2500-5000 сом төлөөгө туура келип калган ата-энелер токтом боюнча Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылганы жатышат.

«Мен түнү менен уктабай акчанын сүрөтүн тартышым керекпи? Эмне кылышым керек, башка арга жок?», — деп даттанган 61-мектепте эки баласы окуган эне.

Мектептин директору, Бабановдун «Республика» партиясынын мүчөсү Юрий Низовский тескерисинче, мектептин өзүн өзү каржылоого өтүүсүн колдогон — анын пикиринде, мектепти «тиешелүү» көлөмдөгү каражат менен камсыз кылууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок.

Бүгүн Низовский түшүндүрмө берүү үчүн жеткиликсиз болуп чыкты.

Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик бюджеттен 18 миллион сом үнөмдөлөт жана мектептин «статусу көтөрүлөт» деп, 17-июлда 61-мектепти өзүн өзү каржылоого өткөргөн.

Орто билим бере турган 61-мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Кыргызстандын парламентинин депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү да бар.

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев Политехникалык институттун информатика кафедрасын жетектеп турганда 61-мектепте голография (көлөмдүү көрүнүштү алуу ыкмасы) боюнча лекция окуган. Анын кызы Бермет Акаева да аталган мектепти аяктаган.

Автор: Нурсулуу Нуркамилова

Редактор: Зарема Султанбекова