Екатеринбургдагы башкы консулдук: «Патриоттор» федералдык издөөгө жарыяланат

Орусияда кыргыз кыздарын кордогонго шектелип жаткан «Патриоттор» тобу Кыргызстан издөөдө жүргөндөргө карата мүнөздөмө жөнөткөн кийин, федералдык издөөгө жарыяланышат — бул тууралуу Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу билдирди.

Кыргызстандан барган эркек мигранттардан турган «Патриоттор» кыймылынын катышуучулары федералдык издөөгө жарыяланышат, деп билдирди Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулунун жардамчысы Азатбек Береналиев.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, ал үчүн издөөдөгү адамдар тууралуу жеке маалыматтар камтылган маалымкат жана мүнөздөмө берилиши керек.

Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары Кыргызстандын бийлигине маалымкаттарды алып келип берүү боюнча билдирме жөнөтүштү, деп билдирди башкы консулдук.

Бирок, Береналиев билдирме кайсы органга жиберилгендигин так билбейт.

Бул боюнча түшүндүрмө берүү үчүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жеткиликсиз болуп чыкты.

Башкы консул Гүлнур Нарматова 18-июлдагы «Клоопко» берген маегинде топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишкендигин жана алар бул жерде соттон кутулуп кете алыша тургандыктарын билдирген.

Башкы консулдун жардамчысы Кыргызстандын укук коргоо органдары кайтып келген топтун мүчөлөрүн эч нерсе кыла алышпайт, анткени кыздарды коргоо Орусиянын аймагында болгон, деп айткан.

Июлдун башында аталган топтун эки мүчөсү кармалган. Экөөнө тең башкоргоо чарасы катары белгиленген аймактан чыкпоо өкүмү чыгарылып, кое берилген. Нарматова алар бул шартты аткарып, Свердловск облусунун аймагында жүрүшкөндүгүн кабарлаган.

Кармалып, белгиленген аймактан чыкпоо өкүмү менен кое берилген «Патриоттордун» эки мүчөсүнө карата «тоноочулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Азырынча «кордоо» жана «сабоо» боюнча күнөөлөр коюла элек.

Нарматованын айтымында, азырынча алардын иши боюнча жаңы маалыматтар жок.

Фамилиясын айткысы келбей, өзүн Сергей Викторович деп тааныштырган «Патриоттордун» иши боюнча иш алып барып жаткан тергөөчү кыздарды кордоо боюнча кырдаал «өтө кыйын» экендигин айтып, Свердловск облусунун полициясы тарабынан тергөө жүрүп жаткандыгын билдирген.

Чыр-чатактуу видео

Өздөрүн «Патриот» кыймылынын мүчөсү деп атаган Кыргызстандан барган эркек мигранттар башка өлкөнүн өкүлдөрү менен жыныстык катнашта болгон мекендештерин өкүмсүз эле жазалашкан деп шектелип жатышат.

Алар кыздарды суракка алуу процессин жана уруп-соккондорун видеого тартып, аны социалдык тармактарга жайгаштырышкан.

Кыздарды кышында да эшикте чечинткен учурлар катталган.

«Патриоттор» тажик менен мамиледе болгон деп күнөөлөгөн Сапаргүл аттуу кыз жабыр тарткандардын алгачкыларынын бири болгон. Аны кордоо учурунда тартылып алынган видео интернетке 2012-жылдын февралында чыккан.

Ал окуядан үч ай өткөн соң Сапаргүл Екатеринбург шаарынын полициясына арыз менен кайрылган, кийинчерээк кармалган балдарды тааныган.

Автор: Анара Адылбек кызы

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков