Олимпиада-2012: Кыргызстандын желегин оор атлетчинин ордуна дзюдоист көтөрмөй болду

Лондон Олимпиадасынын ачылышында Кыргызстандын желегин дзюдоист Чынгыз Мамедов көтөрөт — буга чейин өлкөнүн негизги символу оор атлетчи Бекзат Осмоналиевдин колунда болот, деп пландалып жаткан, бирок учурда анын машыгуулардан колу бошобой жатат. Осмоналиевге өзүнүн салмак категориясы боюнча мелдешке түшүү үчүн салмагын азайтышы керек.

Улуттук олимпиадалык комитет Лондондогу Олимпиадалык стадиондо Кыргызстандын желегин төрт саат бою Мамедов көтөрөт, деп билдиришти.

Буга чейин улуттук символду 62 килограммдык салмактык категория менен чыга турган оор атлетчи Осмоналиевдин көтөрүүсү пландалып жаткан.

Осмоналиев бир аз толуп кетиптир жана өзүнүн салмагында мелдешке катышуу үчүн арыкташы керек экен.

Улуттук олимпиада комитети мелдешке 30-июлда катышышы керек болгон оор атлетчинин канча килограммга арыкташы керектиги тууралуу маалыматты айткан жок.

30-жайкы Олимпиадалык оюндардын ачылышы бүгүн Лондондо өтөт — ага дүйнөнүн 205 өлкөсүнөн 10 миң спортчу катышат.

Кыргызстандын атынан Олимпиадага 14 спортчу катышып, жеңиш үчүн андагы спорттун 36 түрүнүн 9у боюнча ат салышышат.

Медаль үчүн болгон алгачкы оюндар 27-июлда эркектер арасындагы велосипед жарышы жана кыз келиндердин таамай атуу мелдештери менен башталат.

Олимпиада-2012ге уюштуруучулар 10 миллиард евро коротушту, бул свумма алгач пландалган каражаттан эки эсеге ашып кеткен.

Автор: Гүлжан Турдубаева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт: Rob