Ош облусу: ишкерлер «жерибизди басып алган» деп жергиликтүү бийликти күнөөлөп, бербесе атышууга чейин бара тургандыктарын билдиришти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы ишкерлер алардын базарынын бир бөлүгүн «тартып алды» деп, Сарай айыл өкмөтүн күнөөлөштү — бул үчүн алар бийлик менен «атышууга» бара тургандыктарын убадалашты. Юристтердин бул жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарына кирбейт деп айткандарына карабай, акимиаттан жер улутташтырылган деп түшүндүрүштү.

Кара-Суу районунун Сарай айылында жайгашкан «Соода биримдиги» базарынын өкүлдөрү базар ээлеп турган 14 гектар жердин 2 гектарын айыл өкмөтү «басып алды», деп айтышты.

Алар «Клооптун» журналисттерине «басып алынган» жер аларга таандык экендигин ырастаган документтерди көрсөтүштү.

Ишкер Өмүр Эркинбаев эгер айыл өкмөтү жерди ээлерине кайтарып бербесе, алар жергиликтүү бийлик менен «атышууну» баштай тургандыктарын билдирди.

«Алар базардын жерин бошотушпаса атышуу болот. Атышуу өзүбүз ээлик кылган жерди кайтарып алуу максатында айыл өкмөтү менен болот», — деди ал.

Сарай айыл өкмөтүнүн өкүлү Анипахан Салиева «Соода биримдигинин» өкүлдөрүнүн күнөөлөрүн четке какты — анын айтымында, Эркинбаев менен анын кесиптештери көрсөтүп жаткан документтер — «эски».

Салиева басып алуучулар тескерисинче, ошол ишкерлер экендигин айтты — айтымында, «Соода биримдиги» 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улут аралык кагылышуудан кийин улутташтырылган.

Салиева кошумчалагандай, жер мамлекетке тиешелүү болгондугуна карабастан, Эргешов менен Эркинбаев аны «Соода биримдигине» ижарага берүүсүн улантып жатат.

Юрист жана укук коргоочу Чынгыз Абдимомунов акимиат жерди улутташтырууга укуктуу эмес дейт — анын айтымында, буга өкмөт менен парламенттин гана укуктары бар.

Автор: Айнура Каарманова

Редакторлор: Зарема Султанбекова жана Бектур Искендер

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды