Ош облусу: Насыясын төлөй албаган аялдар кичи кредиттик компанияларды «өрттөйбүз» деп опузалоодо

Ош облусунун ар кайсы райондорунан келген жарандар облустук администрацияга кайрылып, жеке насыя берүүчү компаниялардын жабылуусун талап кылышууда. Эгер алардын талабы аткарылбаса, анда компаниялардын имараттарын «өртөп, талкалоого» чейин барышат. Облустук администрация кредиттик компаниялар менен сүйлөшүүдөн кийин насыялардын пайызын жеңилдетүүгө убада беришти.


Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа, Ноокат, Куршаб райондорунан аймактык жеке кредиттик компаниялардын жабылуусун талап кылып, 26-июлда 100 гө жакын насыясын төлөбөгөн аял облус борборуна келип, учурда нараазылык көрсөтүүшүдө.

Насыячылар акчаны көбүнчө жеке ишкерликке алышат, айрыкча — соода-сатыкка жана дыйканчылыкка.

Аялдардын айтымында, алар кичи кредиттик компанияларга "алданып" алган насыялардын пайызы жогору болгондугунан карыздарын жокко чыгаралбай жатышат.

Алардын койгон талабында, өкмөт кичи кредиттик компанияларды мамлекеттен чыгарсын.

Кичи кредиттик компаниялардын жабылуусун талап кылган Жаныл Балтабаева, насыя алуучулар көтөрүлсө кредит берүүчү банктардын имараттары талкаланаарын айтат.

«Элге кредиттин кереги жок. Элдер барып бүт компанияларды талкалап коюшу мүмкүн[...]. Тепки жебей имараттарын өртөтпөй тынч-аман чыгып кетсин»,—дейт Батабаева.

Дыйканчылыкка 15 миң сом алган Венера Ашимова бүгүнкү күнгө чейин насыясын төлөп келет. Анын айтуусунда, эгерде өкмөт чара колдонбосо анда, компанияларды өрттөшөт.

«Өкмөт ушул талабыбызды аткарсын. Эгер аткарбайм десе, эл өзүбүз чыгабыз. Микрокредиттик компанияларды бүт өрттөп өзүбүз жоёбуз»,—дейт Венера.

Ал эми атын айтпаган кичи кредиттик компаниянын адиси, аялдар насыяларын төлөгөнү мүмкүнчүлүгү бар болсо да, өздөрү каалашпай жатканын билдирди. Эгерде насыячылар мындай чараларды көрүшсө, укук коргоо органдары кайрылышаарына айтты.

«Баардык жерден алып алышкан эми төлөштү каалабай атышат дагы[...]. Төлөбөш керек деп жатышат [...]. Эгер мындай чараларды көрүшсө, [өрт коюга аракет жасашса] биз укук коргоо органдарына гана кайрыла алабыз»,—деп айтты кичи кредиттик банктын кызматкери.

Ошондой эле Ош областык администрациянын экономика жана каржы бөлүмүнү башчысы Мурадил Тешебаевдин айтуусунда, насыя берүүчү кредиттик компаниялардын өкүлдөрү чакырылып, шарты оорлордун гана карыздарын төлөй албаган жарандарга пайыздарын азайтып, мөөнөтүн узартып берилээрин сүйлөшүшкөн.

Насыя алган жарандар менен жолугууга келген кичи компаниялардын өкүлдөрү комментарийлерден баш тартышты.

Аялдардын кичи кредиттик компанияларга нааразы болуп чыкканы биринчи жолу эмес. Буга чейин Жалал-Абад облусунда 400 гө жакын аял насыяларын төлө албай өкмөткө акчанын мөөнөтүн жана пайыздарын жеңилдетүүсүн суранышкан.

Авторлор: Арзыгүл Кенжеакун кызы, Дастан Үмөтбай уулу

Редактор: Айзат Шакиева