ТВ рейтинги: Рейтинг боюнча КТРК алдыда, «Бешинчи» олуттуу жоготууларды башынан өткөрүп жатат

«М-Вектор» изилдөө-консалтинг компаниясы 2012-жылы «Бешинчи канал» 100 миң көрүүчүсүн жоготкондугун аныктады бул телеканалдын жалпы аудиториясынын 30 пайызы. «М-Вектордун» маалыматы боюнча, КТРК Кыргызстандагы эң популярдуу канал болуп саналат. «Бешинчинин» директору изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен макул эмес. 

«М-Вектордун» изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргызстандын аймагында көрсөткөн телеканалдардын популярдуулугу боюнча, коомдук телерадиоберүү корпорациясына таандык — «Коомдук биринчи канал», орусиялык «Биринчи» жана ЭлТР телеканалдары рейтингдин алдынкы орундарында турат.

Изилдөөнүн маалыматы боюнча, «Коомдук биринчи каналды» 1 миллион 300 миң кыргызстандык көрөт.

«М-Вектор» канал Бишкекке караганда Ошто көбүрөөк популярдуулукка ээ экендигин аныктаган.

«Коомдук биринчи каналды» көрүүгө көрүүчүлөр жумасына 97 мүнөтүн коротушат.

Рейтингде «Бешинчи канал» жетинчи орунду ээледи — ал 2012-жылы өз аудиториясынын 30 пайызын жоготкон. Бул каналдардын арасындагы жоготуулардын эң жогорку көрсөткүч.

«М-Вектордун» изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары – бишкектик көрүүчүлөрдүн 50 пайызынан көбү «Бешинчини» көрүүдөн баш тартышкандыгын, ошол эле учурда канал Ошто көбүрөөк популярдуулукка ээ болгондугун көрсөткөн.

«М-Вектор» көрүүчүлөр «Бешинчи каналды» көрүүгө жумасына 74 мүнөтүн корото тургандыгын да аныктаган. .

Консалтинг компаниясынын директору Роман Погажев изилдөөлөрдүн тууралыгынан шек санабайт.

«Бешинчи каналдын» директору Евгения Бердникова изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен макул эмес — анын пикиринде, алар чыныгы жагдайды чагылдырышпайт.

«Бул жыйынтыктар менен алар түштүктө көрсөткөн каналдар жалпы республика аймагына көрсөткөн каналдарга караганда бир кыйла популярдуу экендигин жарыялагылары келип жатат. [...] Бул изилдөөөлөр чыныгы профессионалдардын арасында өзгөчө деле ишенимди жаратпайт», — деди «Бешинчинин» жетекчиси.

Медиа-серепчи Александр Кулинский «М-Векторго» ишенсе болот деп эсептейт — позициясын жоготуу «Бешинчи канал» үчүн «табигый» көрүнүш, дейт ал.

«Бешинчи канал» 2010-жылдан бери экономикалык, ошондой эле саясий мүнөздөгү олуттуу көйгөйлөрдү башынан өткөрүп келе жатат. Евгения Бердникова изилдөөнү минтип сынга албай, аны  курал катары колдонушу керек», — дейт Кулинский.

«Бешинчи канал» 2006-жылы ачылган жана Кыргызстандын статистика комитетинин маалыматы боюнча, бир жылдан кийин эле анын аудиториясы өлкөнүн калкынын 53 пайызын түзгөн.

«Бешинчи канал» 2011-жылы күзүндө улутташтырылган.

«Бешинчинин» жамаатынын көпчүлүк бөлүгү өлкөдө абал «туруктуу» болуп тургандыктан 2012-жылдын жайында эки айлык өргүүгө чыгышат, ал эми жаңылыктардын төрт жолку чыгарылышы эми эки гана жолу чыгып калды, деп билдирген май айынын ортосунда Бердникова.

Бирок, версиялардын бири боюнча, канал каржылык кыйынчылыктардан улам жаңылыктарынын чыгарылышын эки эсе кыскартууга мажбур болгон.

2 миң респондент катышкан изилдөө 2012-жылдын июнь айында Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзүлгөн.

«М-Вектор» — Канада жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө иш алып барган изилдөө-консалтинг компаниясы.

Автор: Айкөл Болотбекова жана Шахида Дүйшеева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт: espensorvik