Бишкек шаардык соту Түлеевди УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды

Бишкек шаардык соту борбордун экс-мэри жана учурдагы депутат Нариман Түлеевге баш коргоо чарасы катары буга чейин белгиленген УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин ошол бойдон калтырды — ал шаар башчысы болуп турганда «коррупциялык иштерге барган» деп күнөөлөнүп жатат. Түлеевдин жактоочусу бул чечим боюнча Жогорку Сотко даттанууга даярданып жатат. 

Экс-мэрдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев Биринчи май райондук сотунун “Түлеев жай бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болушу керек” деген чечимине карата кассациялык дат берген.

Бирок Бишкек шаардык соту депутатка карата июндун аягында белгиленген баш коргоо чарасын ошол бойдон калтырды.

Ташбалтаев бул чечим боюнча Жогорку Сотко даттануу ниетинде.

Түлеевдин баш коргоо чарасын кайра карап чыгуу боюнча соттун жыйыны эки жолу жылдырылган — биринчисинде экс-мэрдин экинчи жактоочусу Султан Баратов келбей калса, экинчи жолу тергөөчү келбей калган.

Анда башкы прокуратурадан тергөөчү иш сапар менен кеткен, деп түшүндүрүшкөн.

«Коррупционер»

Укук коргоо органдары Нариман Түлеевди 21-июнь күнү кечинде кармап кетишкен - аны Бишкек шаарынын мэри болуп турганда 200 кытай автобусун «жогорулатылган» баада сатып алган деп күнөөлөшкөн.

Түлеев болсо бул күнөөлөрдү моюнуна албай, тескерисинче, автобустарды базар баасынан төмөндөтүлгөн баада сатып алгандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылган.

Түлеевдин тарапташтары ага карата жасалып жаткан бул иштерди саясатташтырылган деп эсептешкен — ал Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн демилгечилеринин бири болгон.

Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда – 2008-жылдан 2010-жылга чейин иштеген.

Ага карата Бакиев бийликтен кеткен 2010-жылдын апрелинде эле мэр болуп турганда каржылык мыйзам бузууларга барган деген күнөө коюлуп, кылмыш иши козголгон. Бирок андан кийин күнөөлөрү алынып, 2010-жылдын аягында оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган.

Автор: Бегимай Бекболотова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков