Олимпиада-2012: Исмаилов 10 метрлик аралыкка мылтыктан атуу боюнча мелдеште финалга өтпөй калды

Кыргызстандык Руслан Исмаилов 10 метрлик аралыкка пневматикалык мылтыктан атуу боюнча мелдеште 21-орунду ээлеп, финалга өтпөй калды. Бирок ал алган 593 упай анын Олимпиада оюдарына катышуу тарыхындагы эң- жогорку жетишкендиги болду. 

Исмаилов 593 упай алды — ага мүмкүн болгон эң жогорку чекке жетүүгө 6 упай жетпей калды.

Ал 30-июлда 10 метрлик аралыктан пневматикалык мылтыктан атуу боюнча 47 спортчу катышкан мелдеште 21-орунга ээ болду.

Бул анын финалдык бөлүккө өтүүсүнө жардам бере алган жок — анткени алдыңкы сегиз орунга ээ болгон спортчулар гана финалга өтө алышат.

Исмаилов биринчи атууларын ийгиликтүү баштап, мүмкүн болгон 100 упайдан 100дү алды.

Бирок кийинки беш сериясында 100 пайыздык жыйынтык көрсөтө алган жок.

Өзгөчө кыргызстандык мерген үчүн үчүнчү сериясы ийгиликсиз болду, анда ал 100 упайдын 97син гана ала алды.

Жеңишке ээ болгон италиялык спортчу Никколо Камприани мүмкүн болгон 600 упайдын 599ун ала алды.

Жеңилгендигине карабастан Исмаилов Лондон менен кош айтышпайт — 6-августта Бишкек убактысы боюнча 14:00дө ал 50 метр  аралыктан үч өңүттө атуу боюнча мелдешке катышат.

Бул анын Олимпиада оюндарына экинчи жолу катышышы.

2008-жылы Пекин Олимпиадасында ал таамай атуунун үч түрү боюнча мелдешке катышкан, анда анын эң жогорку жетишкендиги мелдештин 10 метр аралыктан пневматикалык мылтыктан атуу түрү боюнча 39-орунга ээ болгон.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Илгиз Чалбараков