Олимпиада-2012: Штангист Осмоналиев түртүп көтөрүүдө ийгиликсиз катышып, мелдештен четтетилди

Кыргызстандык Бекзат Осмоналиев штанганы түртүп көтөрө албай, эркектер арасындагы оор атлетика боюнча 55 киллограмм салмак категориясындагы мелдештен четтетилди. Ал Лондондогу Олимпиадада мелдештерге катышкан алгачкы кыргызстандык болду.

Осмоналиев жулкуп көтөрүү боюнча мелдеште 127 кг көтөрдү, ал эми түртүп көтөрүүдө болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын текке кетирди.

Бишкекте туулган 26 жаштагы оор атлетчи жулкуп көтөрүүдө алдынкы бештиктин катарына кирди, бирок регламентке ылайык, эгер спортчу эки көнүгүүнүн биринде штанганы көтөрө албай калса мелдештен четтетилет.

Алардын ар бирине — жулкуп жана түртүп көтөрүүгө — үчтөн мүмкүнчүлүк берилет.

Осмоналиевдин алгачкы аракеттери көптү үмүттөндүргөн — жулкуп көтөрүүдө ал алгач 120 кг, андан кийин 125 жана үчүнчү жолу 127 кг көтөрүп, бир дагы ката кетирген эмес.

Бул көнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча, Осмоналиев кытайлык Ву Дзиньбао жана тунистик спортчу Халил Эль-Мауиге гана жетпей калды, ал үчүнчү орунду азербайжандык Валентин Христов жана индонезиялык Джади Сетиади менен бөлүштү.

Осмоналиев түртүп көтөрүүдө 147 килограммдык салмакты көтөрүүгө аракет кылды, бирок берилген үч мүмкүнчүлүк тең ийгиликсиз болуп чыкты.

Бул анын Олимпиада оюндарына алгачкы жолку катышышы.

Спортчулардын катышуу тизмелерин түзүүдө анын классификациялык көрсөткүчтөрү ийгиликтүү болгондуктан, күчтүүрөөк А тобуна бөлүнүп калган.

56-килограмм салмак категориясындагы мелдештердин жыйынтыгында, буга чейин анча белгисиз болгон жана анчалык күчтүү эмес В тобунда катышкан түндүк кореялык спортчу Ом Юн-Чол жеңүүчү болду. Ал түртүп жана жулкуп көтөрүүнүн суммасында 293 кг көтөрүп, түртүп көтөрүү боюнча олимпиадалык рекордду басып өттү.

Күмүш медалды кытайлык Ву 289 кг менен, колону — азербайжандык Христов 286 кг көтөрүп жеңип алышты.

Кийинкилерден болуп Олимпиадада Кыргызстандын атынан 30-июлда эки спортчу катышат - таамай атуу боюнча Руслан Исмаилов жана парус спорту боюнча Илья Игнатьев.

Кыргызстандыктардын Олимпиада-2012деги катышууларынын жадыбалын көрүү

Буга чейинки Пекинде өткөн олимпиадада Кыргызстандын атынан оор атлетика боюнча 85 килограмм салмак категориясында Улан Молдодосов катышып, 11-орунга ээ болгон.

Кыргызстан олимпиада медалдарын оор атлетика боюнча бир дагы жолу жеңе элек.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Илгиз Чалбараков