Бишкекте төрт унаа катышкан жол кырсыгы болуп, 2 адам жабыр тартты

«Башкаруудагы көйгөйлөрдөн» улам Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесишинде «Хонда» үлгүсүндөгү кара джип кезек менен үч унааны каккан. Каза болгондор жок, эки адам ооруканага жаткырылды. 

МАИ кызматкерлеринин болжолдуу маалыматтары боюнча, «Хонда» үлгүсүндөгү кара джип Токтогул көчөсү аркылуу катуу ылдамдыкта бараткан жана анын айдоочусу «унааны башкара албай калган».

«Хонда» алгач Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде үч унааны кагып өткөн, андан кийин фонарь орнотулган мамыны барып сүзгөн.

Жол кырсыгынын күбөлөрү сокку «өтө катуу» болгондутан унаалардын бири көчөнүн жээгиндеги жөө жүргүнчүлөр өткөн жерге чейин ыргып кеткендигин айтышты.

Жол кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыр тартып, ооруканага жаткырылды.

Дарыгерлердин айтымдарында, жабыр тарткандардын биринин моюн омурткалары сынган болушу мүмкүн. Унаа кырсыгынын катышуучуларынын калгандары «жеңил жараттарды» алышкан.

МАИ кызматкери Хабит Саткынбаев болжолдуу маалыматтар боюнча, унаа кырсыгына жогорку ылдамдыкта келе жаткан «Хонда» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күнөөлүү экендигин айтты.

Автор: Эльнура Бейшекеева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков