ӨКМ: Тез-Тор көлүндөгү суу төмөндөдү [16:44тө жаңыланды]

ӨКМден билдиришкендей, куткаруучулар менен жергиликтүү бийлик суу агып чыгып жаткан плотинанын аймагындагы абалды көзөмөлдөп турат. Мекеменин маалыматы боюнча, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

16:44 ӨКМдин администрациясынан учурда калкты коопсуз жакка барып туруу чакырыктары токтогондугун билдиришти. 

15:52 «Клооп» жакын жайгашкан айылдардан алгачкы сүрөттөрдү алды.

15:29 «Клооптун» кабарчысы билдиргендей, милиция кызматкерлери менен чек ара кызматынын аскерлери жакын жайгашкан Байтик, Кашка-Суу жана Воронцовка айылдарынын тургундарына «коопсуз» (бийигирээк) жерлерге барып турууга чакырган баракчаларды таратып жатышат.

Баракчаларда “жашоочулар тамак-аш, жылуу кийим жана документтерин алуулары керек" жеп жазылган.

15:15 ӨКМдин башчысы Кубатбек Боронов «Клоопко» берген маегинде «барууга кыйын» болгондуктан министрлик Тез-Тор көлүндөгү суунун деңгээлин жасалма жол менен азайтуудан баш тарткандыгын билдирди.

Анын айтымында, ал жерге жабдуулар менен керектүү материалдарды жеткирүү «кыйын».

15:06 Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин кызматкери Руслан Суванкуловдун айтымында, мекеме ӨКМге 20-июлда эле плотина аркылуу суунун агуусунун мүмкүндүгүн эскерткен.

Мамагенттик Тез-Тор көлүндөгү суунун деңгээлин жасалма жол менен төмөндөтүүнү сунуш кылган, бирок министрлик бул сунушка карата эч кандай мамилесин билдирген жок, дейт Суванкулов.

Суунун агып чыгуусу 20-августка чейин уланышы мүмкүн.

ӨКМдин басма сөз кызматынын расмий маалыматтары боюнча, мекеменин кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облустук администрациясы менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн чараларды көрүп жатышат.

14:18 Ала-Арча суусунун Кашка-Суу айылынын аймагындагы бөлүгүндө суунун көлөмү бир аз көтөрүлдү, деп билдирет «Клооптун» кабарчысы.

Бирок, Кашка-Суу айылынын жашоочуларынын айтымдарында, бул сыяктуу суунун агуусу жыл сайын болуп турат.

14:07 Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн бардык керек болгон техникаларды даярдап койду.

Басма сөз катчы Чынара Усупбаеванын айтымында, мэриянын кызматкерлери алдыңкы бир нече күн бою  суу агып чыгып жаткан жерде болушат.

13:57 Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы эртең менен Ала-Арча суусунун жанында жайгашкан бала бакчанын кызматкерлери менен андагы балдар коопсуз жерлерге эваукацияланышкан, деп билдирди.

Ал жерге барган ӨКМдин кызматкерлери «коркунучтуу эч нерсе деле» болбогондугун айтышты, деп билдирет «Клооптун» кабарчысы Ольга Кравченко.

Куткаруучулардын айтымдарында, суунун плотина аркылуу агуусу ысык күндөрдөн кийин жыл сайын болот.

Плотинага жакын жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти.

13:45 Иса Өмүркулов суунун агып чыгуусу тууралуу алгачкы билдирүүлөрдөн кийин, дароо эле Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери Ала-Арча капчыгайына жакын жайгашкан айылдардын тургундарын коопсуз жерлерге алып чыга башташкан деди.

13:39 ӨКМдин башчысы Кубатбек Боронов көлгө жакын жайгашкан айыл тургундарын коопсуз жерлерге алып чыгуу иштери жүргүзүлбөй эле деди.

Ал кошумчалагандай, жакын жердеги айыл тургундары дүрбөлөңгө түшө башташкан, бирок мекеменин кызматкерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал суунун каптап кетүү коркунучу жок экендигин дагы бир жолу кайталады.

13:35 Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаар тургундарынын дүрбөлөңгө түшүүсүнө «эч кандай негиз жок», деп билдирди.

Анын айтымында, плотина аркылуу агып чыккан суунун көлөмү — 7-8 куб метр.

Өмүркулов муну «коркунучсуз» деп эсептейт. Бийлик Тез-Тор көлүндөгү суунун деңгээлинин жогорулоосуна ысык күндөрдөн кийинки мөңгүлөрдүн ээрүүсү себеп болгон деп болжолдоп жатышат, деди шаар башчысы.

13:18 Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов «Клоопко» билдиргендей, Тез-Тор көлүнүн платинасы аркылуу суу эртең мененки саат 9:30да агып чыга баштаган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, көлдөгү суунун деңгээли мөңгүлөрдүн ээришинен улам көтөрүлгөн.

Бороновдун айтымында, учурда андагы суунун деңгээли бир аз төмөндөгөн. Каза болгондор менен жабыр тарткандар, ошондой эле суунун каптоо коркунучу жок.

Бирок «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-редакциясынын маалыматы боюнча, Тез-Торго суу келип жатат жана адамдарды коркунучсуз жерге алып баруу иштери башталды.

Буга чейин «Кньюс» маалымат агенттиги көлдөгү суунун деңгээлинин жогорулоосунан Адыгине суусу жээкке чыгып кеткен жана ал Чоң-Арык айылын каптап кетүү коркунучу бар деп билдирген.

Чон-Арык айылынын жашоочусу «Клоопко» берген маегинде суу айылга жете электигин айтты.

Тез-Тор көлү Ала-Арча дарыясынын жогору жагында, Бишкек шаары жайгашкан аймакта оорун алган.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков