Садыркуловдун өлүмү боюнча сот процесси бир жумалык тыныгууудан кийин кайра башталат

Кыргызстандын Аскердик соту президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти кароону 2-августта улантат. Ооруканага жатып калган судья 30-июлда жумушка чыкты. Анын жумушка келбей калгандыгынан соттун буга чейинки жыйыны белгисиз мөөнөткө жылдырылган. 

Аскердик соттун катчылыгы бир жума мурун ооруканага жатып калган судья Марлен Тентимишев 30-июлда жумушка чыккандыгын билдирди.

Тентимишев Садыркуловдун өлүмү боюнча соттун кийинки жыйынын 2-августка белгиледи.

Соттун жыйынын бир жумага жылдырган судьянын дарты эмне экендиги дагы деле белгисиз.

Садыркуловдун өлүмү

Президент Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси кызматынан кеткенден көп өтпөй 2009-жылдын март айында каза болгон.

Алгач Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы кагышканда каза болгон, деп билдиришкен.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген жоромолду билдиришкен.

Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган.

Буга чейин сот саясатчы каза болгон унааны экспертизадан өткөрүүгө бийлик каршылык көрсөткөндүгү тууралуу айткан эксперттердин көрсөтмөлөрүн уккан.

Сот ошондой эле Садыркуловдун денесин экспертизадан өткөргөн соттук-медициналык эксперттерди да уккан — алар саясатчы унаа кырсыгынан каза болгондугун айтып, далилдөөгө аракет кылышкан. Бул андан кийин өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыктарына каршы келет — ал президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси муунтулуп өлтүрүлгөн, деген бүтүм чыгарган.

Садыркуловдун достору жана кесиптештери аны менен болгон акыркы жолугушуулары тууралуу айтышкан. Анда саясатчы Бакиевди бийликтен кетирүү боюнча пландарын айтып берген.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков